00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
02:39
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңы гимн. Сынакка 564 материал түшүп, анын 91и катталганКыргыз-тажик чек арасынан төрт күндө дээрлик 5 миң адам өткөнМинистр окуучуларды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынганын айттыАлдыда кененирээкОкуучуларды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынган. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, чечим былтыр 2-майда Сузакта болгон трагедиялуу окуядан кийин кабыл алынган. Анда Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 29 баланы тебелеп кеткен. "Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Окуучуларды жөнү жок эле массалык иш-чараларга тартуу деген болбойт. Эгер ошончолук эле муктаждык болуп жатса, анда алдын ала пландаштырылып, жоопкерчиликтер так аныкталып, анан уюштурулат. Муну ар бир мектепке, ЖОЖдорго жеткирдик", — деди Жусупбекова. Ошондой эле министрдин орун басары балдарга коопсуздук эрежелеринин негиздери окутула баштаганын, анда жолдогу коопсуздуктан баштап, үйдөгү тиричилик (бычак, айры) буюмдарын колдонууга чейин камтылганын белгиледи. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнинин иштеп чыгуу сынагы алкагында арыздарды кабыл алууну улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө 388 жарандан, 564 иш кабыл алынган. "Анын ичинен 91и талаптарга толук жооп берип, каттоодон өттү", — деп түшүндүрдү Маданият министрлиги. Алгач арыздарды 20-мартка чейин кабыл алуу пландалып, бирок 17-февралда комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылган. Гимнди кайра 2024-жылы өзгөртүү тууралуу сөз болгон. Октябрь айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы гимнди аткаруу кыйын экенин айтып, жаңы гимн кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны өлкөнүн президенти да колдогон. 13-17-март аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан 4891 адам өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалым болгондой, «Кайрагач» постунан 3 миң 755 адам, Кызыл-Бел бекетинен 659 адам өтүп, дагы 477 адам Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра учак менен учуп келген. Чек ара кызматы Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кайрагач» эки тараптуу — Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн, ал эми Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көп тараптуу болуп, үчүнчү өлкөнүн жарандары да өтө ала турганын тактады. 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлгандан кийин «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттеринин иши жанданды. АКШ Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдан чыгып жатканын Европа биримдигине эскертти. Бул тууралуу New York Times гезити ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. "Юстиция министрлиги АКШ лидерлерди иликтөө үчүн түзүлгөн көп улуттуу топтун курамынан чыгып жатканын европалык аткаминерлерге жашыруун кабарлаган", — деп айтылат маалыматта. Гезит белгилегендей, бул топ Беларустун, Түндүк Кореянын жана Ирандын да жетекчилигине каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Вашингтон 2023-жылы кошулган. Андан чыгуу чечими 17-мартта Евроюсттун мүчөлөрүнө жолдонгон катта жарыяланат деп күтүлүүдө. NYT басылмасынын маектештери белгилегендей, америкалык бийлик ресурстарды кайра бөлүштүрүү зарылдыгынан улам топтон чыгууну чечишкен. Трамптын администрациясы ошондой эле Украинадагы прокурорлор жана укук коргоо органдары менен иштеген команданы кыскартууда.
Жазылуу
Жаңы гимн. Сынакка 564 материал түшүп, анын 91и катталганКыргыз-тажик чек арасынан төрт күндө дээрлик 5 миң адам өткөнМинистр окуучуларды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынганын айттыАлдыда кененирээкОкуучуларды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынган. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, чечим былтыр 2-майда Сузакта болгон трагедиялуу окуядан кийин кабыл алынган. Анда Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 29 баланы тебелеп кеткен. "Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Окуучуларды жөнү жок эле массалык иш-чараларга тартуу деген болбойт. Эгер ошончолук эле муктаждык болуп жатса, анда алдын ала пландаштырылып, жоопкерчиликтер так аныкталып, анан уюштурулат. Муну ар бир мектепке, ЖОЖдорго жеткирдик", — деди Жусупбекова. Ошондой эле министрдин орун басары балдарга коопсуздук эрежелеринин негиздери окутула баштаганын, анда жолдогу коопсуздуктан баштап, үйдөгү тиричилик (бычак, айры) буюмдарын колдонууга чейин камтылганын белгиледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнинин иштеп чыгуу сынагы алкагында арыздарды кабыл алууну улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө 388 жарандан, 564 иш кабыл алынган. "Анын ичинен 91и талаптарга толук жооп берип, каттоодон өттү", — деп түшүндүрдү Маданият министрлиги. Алгач арыздарды 20-мартка чейин кабыл алуу пландалып, бирок 17-февралда комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылган. Гимнди кайра 2024-жылы өзгөртүү тууралуу сөз болгон. Октябрь айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы гимнди аткаруу кыйын экенин айтып, жаңы гимн кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны өлкөнүн президенти да колдогон.
13-17-март аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан 4891 адам өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалым болгондой, «Кайрагач» постунан 3 миң 755 адам, Кызыл-Бел бекетинен 659 адам өтүп, дагы 477 адам Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра учак менен учуп келген. Чек ара кызматы Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кайрагач» эки тараптуу — Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн, ал эми Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көп тараптуу болуп, үчүнчү өлкөнүн жарандары да өтө ала турганын тактады. 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлгандан кийин «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттеринин иши жанданды.
АКШ Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдан чыгып жатканын Европа биримдигине эскертти. Бул тууралуу New York Times гезити ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. "Юстиция министрлиги АКШ лидерлерди иликтөө үчүн түзүлгөн көп улуттуу топтун курамынан чыгып жатканын европалык аткаминерлерге жашыруун кабарлаган", — деп айтылат маалыматта. Гезит белгилегендей, бул топ Беларустун, Түндүк Кореянын жана Ирандын да жетекчилигине каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Вашингтон 2023-жылы кошулган. Андан чыгуу чечими 17-мартта Евроюсттун мүчөлөрүнө жолдонгон катта жарыяланат деп күтүлүүдө. NYT басылмасынын маектештери белгилегендей, америкалык бийлик ресурстарды кайра бөлүштүрүү зарылдыгынан улам топтон чыгууну чечишкен. Трамптын администрациясы ошондой эле Украинадагы прокурорлор жана укук коргоо органдары менен иштеген команданы кыскартууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0