https://sputnik.kg/20250317/1092686743.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Күрөш боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 27 балбан катышатАКШдагы 70тей автоунаа кагышкан кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болдуЫсык-Көлдө гидроцикл... 17.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-17T13:00+0600
2025-03-17T13:00+0600
2025-03-17T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/11/1092686611_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_72e1f372761806d8683eb9c494d36a27.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Күрөш боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 27 балбан катышатАКШдагы 70тей автоунаа кагышкан кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болдуЫсык-Көлдө гидроцикл пайдалануу эрежеси бекитилдиАлдыда кененирээкЫсык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 13-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү каралган. Ошондой эле көлдүн аймагында экологиялык эрежелерди сактоо менен атайын зоналарда, эс алуучулар топтолбогон жерлерде төрт такттуу жана электр кыймылдаткычы бар гидроциклди, скутерди пайдаланууга уруксат берилери айтылган. Мыйзамды бузгандарга 5-15 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 15-20 миң сомго чейин айып салынат.
32 жыл ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 101 объектиси менчиктештирилген. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Мурадил Жумадилде уулу радиолордун биринин эфиринде билдирди. Анын айтымында, федерациянын мүлкүн инвентаризациялоо иштери аяктады. Уюмдун балансына кайтаруу боюнча 47 объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, дагы 50дөн ашык объекти боюнча соттук териштирүүлөр башталат. Мурадил Жумадилде уулу инвентаризациялоого УКМК менен Башкы прокуратура көмөктөшүп жатканын, анын максаты санаторий-курорт өңдүү объектилерди кайтарып берүү экенин кошумчалады. Профсоюздар федерациясынан билдиришкендей, дагы 14 объект президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берилди.
Күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене табия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп, ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандан 27 балбан катышат. Спорттук иш-чара 25-30-март күндөрү болот.
Украинага Батыш өлкөлөрүнүн контингенттерин алып келип жайгаштыруу — коомчулуктун пикирин радикалдык сценарийлерге азыртадан көндүрө берүү. Мындай пикирин РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын "Известия" жазды. Буга чейин британиялык Times басылмасы кабары бар адамдарга таянып, Европа Украинага 10 миңден ашык аскерди — тынчтык орнотуучуну жайгаштырууга ниеттенип жатканын жазган. Анын негизги бөлүгүн Франция менен Улуу Британия жөнөтөрү маалымдалган. Мурда жөө аскер жиберебиз деген үчөөнө салыштырмалуу британиялык өкмөт башчы Кир Стармер "арбыныраак" аттандырып колдоо көрсөтмөк болгон эле. Мындан сырткары, 35ке чукул өлкө курал берүүгө, европалык миссиянын алкагында материалдык-техникалык жактан көмөктөшүп жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөтүүгө макул болуп жатканы белгиленген.
АКШдагы куюндуу шамалдан улам Канзаста массалык жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны каза болгон. Кабарды ТИМ таратты. Буга чейин 70ке чукул автоунаа катышкан кырсыктан сегиз адам көз жумганы айтылган. ТИМдин маалыматында каза болгондордун арасында Кыргызстандын Ш.Б. аттуу 25 жаштагы жараны дагы болгон. Чикаго шаарындагы Башкы консулдук жергиликтүү бийлик жана маркумдун жакындары менен байланышта экени, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Күрөш боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 27 балбан катышатАКШдагы 70тей автоунаа кагышкан кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болдуЫсык-Көлдө гидроцикл пайдалануу эрежеси бекитилдиАлдыда кененирээкЫсык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 13-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү каралган. Ошондой эле көлдүн аймагында экологиялык эрежелерди сактоо менен атайын зоналарда, эс алуучулар топтолбогон жерлерде төрт такттуу жана электр кыймылдаткычы бар гидроциклди, скутерди пайдаланууга уруксат берилери айтылган. Мыйзамды бузгандарга 5-15 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 15-20 миң сомго чейин айып салынат.32 жыл ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 101 объектиси менчиктештирилген. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Мурадил Жумадилде уулу радиолордун биринин эфиринде билдирди. Анын айтымында, федерациянын мүлкүн инвентаризациялоо иштери аяктады. Уюмдун балансына кайтаруу боюнча 47 объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, дагы 50дөн ашык объекти боюнча соттук териштирүүлөр башталат. Мурадил Жумадилде уулу инвентаризациялоого УКМК менен Башкы прокуратура көмөктөшүп жатканын, анын максаты санаторий-курорт өңдүү объектилерди кайтарып берүү экенин кошумчалады. Профсоюздар федерациясынан билдиришкендей, дагы 14 объект президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берилди.Күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене табия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп, ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандан 27 балбан катышат. Спорттук иш-чара 25-30-март күндөрү болот.Украинага Батыш өлкөлөрүнүн контингенттерин алып келип жайгаштыруу — коомчулуктун пикирин радикалдык сценарийлерге азыртадан көндүрө берүү. Мындай пикирин РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын "Известия" жазды. Буга чейин британиялык Times басылмасы кабары бар адамдарга таянып, Европа Украинага 10 миңден ашык аскерди — тынчтык орнотуучуну жайгаштырууга ниеттенип жатканын жазган. Анын негизги бөлүгүн Франция менен Улуу Британия жөнөтөрү маалымдалган. Мурда жөө аскер жиберебиз деген үчөөнө салыштырмалуу британиялык өкмөт башчы Кир Стармер "арбыныраак" аттандырып колдоо көрсөтмөк болгон эле. Мындан сырткары, 35ке чукул өлкө курал берүүгө, европалык миссиянын алкагында материалдык-техникалык жактан көмөктөшүп жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөтүүгө макул болуп жатканы белгиленген.АКШдагы куюндуу шамалдан улам Канзаста массалык жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны каза болгон. Кабарды ТИМ таратты. Буга чейин 70ке чукул автоунаа катышкан кырсыктан сегиз адам көз жумганы айтылган. ТИМдин маалыматында каза болгондордун арасында Кыргызстандын Ш.Б. аттуу 25 жаштагы жараны дагы болгон. Чикаго шаарындагы Башкы консулдук жергиликтүү бийлик жана маркумдун жакындары менен байланышта экени, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/11/1092686611_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b1e41eccaf54bd9982d8cb18b6b72483.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио