00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бүгүн, 9-мартта, өлкөдө эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта жер титирөө саат 5:21де жана 5:26да катталганы айтылат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5га чейин сезилген. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Социалдык мекемелерде жашагандардын фото, видеосун уруксатсыз таратууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго 27-февралда Адылбек Касымалиев кол койгон. Министрлер кабинети үйдөгү социалдык тейлөө жана социалдык стационардык мекемелерге байланыштуу бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Алар ылайык, аймактык бөлүмдөр социалдык тейлөөгө муктаж 60тан кем эмес адам болгон учурда социалдык коргоо бөлүмүн түзө алат. Ошондой эле социалдык кызматкерлердин айлык акысы республикалык же жергиликтүү бюджеттен каралат. Мындан тышкары, социалдык мекемелерде жашаган адамдардын купуя маалыматтары корголот. Аларды фото жана видеого тартуу, маалыматтарды социалдык тармактарда же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого алардын же камкорчусунун макулдугусуз тыюу салынат. Белгилүү жашаган жери жок жарандар документсиз болсо жергиликтүү бийликтин юридикалык дареги боюнча каттоого алынып, тиешелүү мекемелерге жайгаштырылат. Документ алуу боюнча чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөт.
Бала бутак сыяктуу, сөөгү кандай абалга келсе, ошол калыпта өсүп кете берет. Бул тууралуу омуртка-далы адиси, укалоочу Нурбай Атыкенов айтып берди. Адис акыркы жылдарда телефон кармап бир абалда көп отургандыктан сколиозго чалдыккандар көп экенин белгиледи. Бала эңкейген абалда көп отурса анын төшү кирип кетет, айрымдарда абал тескерисинче, төш сыртка чыгып кеткен учурлар да бар. Дененин бир бөлүгүнүн туура эмес өсүшү баланын башка органдарына да таасир берип жабыркатат. " Биринчиден, бала бир калыпта отура бергендиктен анын майда булчуңдары кысылып калат. Омурткадагы кан тамырлар кысылса мээге кан жүгүрүшү кыйын болот. Көзгө ошонун таасири тиет. Ошондуктан көздү дарылоодо моюндун түзүлүшүн да көрсөтүп койгон туура", — деди адис.
Владимир Зеленский АКШ менен сүйлөшүүдө туура эмес стратегияны тандап алып, эми өзүн тузакка түшүрүп, бийликтен кол жууганы турат. Бул тууралуу Washington Post жазды. "Зеленский азыр жардын кырында турат. Ак үйдөгү айтышуудан кийин Дональд Трамп Киев менен өлкөдөгү кенди казуу боюнча келишимге кол коюуну жылдырып, аскердик колдоону токтотуп, чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү чектеди", — деп жазылган маалыматта. Ал Трамп менен кер-мур айтышкандан бир жума өткөндөн кийин Вашингтон менен алакасын жакшыртуу үчүн аракет кылып жатканы айтылат."Ошол эле учурда Зеленскийдин айланасындагылар анын ички саясий атаандаштары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктү пайдаланып баштады. Бул анын лидерлигин жок кылышы мүмкүн, анткени алар согуш учурунда шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүшөт", — деп жазылган макалада.
Жаңылыктар түрмөгү
0