https://sputnik.kg/20250307/1092508862.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз кирген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталдыКиев Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругу үчүн кечирим сурабай турганын... 07.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-07T19:00+0600
2025-03-07T19:00+0600
2025-03-07T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092508730_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5573b1df451cb757a26f12eecffd9dc6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз кирген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталдыКиев Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругу үчүн кечирим сурабай турганын айттыПрезидент Достуктун тургундарына опурулган Баткендин башчысына эскертүү бердиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Достук айылынын тургундарына опурулган Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекет башчы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеген. "Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин социалдык тармактарда Шаменов Достуктун жашоочулары менен жолугушууда орой сүйлөп жаткан видео тараган.
Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бийлик айдоочулардын митингине карабай мыйзамдаштыруунун баасын 100 миң сомдон түшүргөн эмес. "Сумма Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылып, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү бажылык алымдардын орточо наркын жана тарифтик торчону эсепке алуу менен белгиленди", — деп жазылган анын негиздемесинде. Эске салсак, легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.
Борбор калаанын тургундары жана меймандары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды дүң баада ала алышат. Жарманке шаардын үч жеринде өтүп, үч күнгө — 7-9-мартка чейин уланат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, иш-чаранын негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жарманкеден жашылчалар, жемиштер, эт жана сут азыктары, нан азыктары, ошондой эле эң зарыл керектелүүчү товарлар сыяктуу социалдык маанилүү тамак-аш продуктыларынын ассортиментин таба алышат.
Киев Владимир Зеленскийдин АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышуусу үчүн кечирим сурабайт. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Point басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Баарлашып жаткан кабарчы Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругун сынга алынып жатканын эске салган. "Ал өзөгүндө туура айтты, америкалык өнөктөштөрүбүзгө эң маанилүү нерсени — Россияга кысым көрсөтпөсө эч нерсе жасалбай турганын жеткирүүгө аракет кылды. Москва өз ыктыяры менен айтканынан баш тартат деп күтүүгө болбойт, мындан майнап чыкпайт. Демек, кетирбеген кемчилик үчүн биз кечирим сурабайбыз", — деди Подоляк.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 93 сом 55 тыйынга рубль 98 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ8-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаайт. 8-март, ишембиде күндүз кар аралаш жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Нарында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.Борбор калаада күндүн биринчи бөлүгүндө жаан жаап, түштөн кийин ала булут каптап турат. Күндүн табы +6...+8 градуска көтөрүлсө,Ош шаарында +8...+10го жетет.
Мыйзамсыз кирген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталдыКиев Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругу үчүн кечирим сурабай турганын айттыПрезидент Достуктун тургундарына опурулган Баткендин башчысына эскертүү бердиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Достук айылынын тургундарына опурулган Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекет башчы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеген. "Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин социалдык тармактарда Шаменов Достуктун жашоочулары менен жолугушууда орой сүйлөп жаткан видео тараган. Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бийлик айдоочулардын митингине карабай мыйзамдаштыруунун баасын 100 миң сомдон түшүргөн эмес. "Сумма Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылып, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү бажылык алымдардын орточо наркын жана тарифтик торчону эсепке алуу менен белгиленди", — деп жазылган анын негиздемесинде. Эске салсак, легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.Борбор калаанын тургундары жана меймандары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды дүң баада ала алышат. Жарманке шаардын үч жеринде өтүп, үч күнгө — 7-9-мартка чейин уланат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, иш-чаранын негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жарманкеден жашылчалар, жемиштер, эт жана сут азыктары, нан азыктары, ошондой эле эң зарыл керектелүүчү товарлар сыяктуу социалдык маанилүү тамак-аш продуктыларынын ассортиментин таба алышат. Киев Владимир Зеленскийдин АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышуусу үчүн кечирим сурабайт. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Point басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Баарлашып жаткан кабарчы Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругун сынга алынып жатканын эске салган. "Ал өзөгүндө туура айтты, америкалык өнөктөштөрүбүзгө эң маанилүү нерсени — Россияга кысым көрсөтпөсө эч нерсе жасалбай турганын жеткирүүгө аракет кылды. Москва өз ыктыяры менен айтканынан баш тартат деп күтүүгө болбойт, мындан майнап чыкпайт. Демек, кетирбеген кемчилик үчүн биз кечирим сурабайбыз", — деди Подоляк.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 93 сом 55 тыйынга рубль 98 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ8-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаайт. 8-март, ишембиде күндүз кар аралаш жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Нарында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.Борбор калаада күндүн биринчи бөлүгүндө жаан жаап, түштөн кийин ала булут каптап турат. Күндүн табы +6...+8 градуска көтөрүлсө,Ош шаарында +8...+10го жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092508730_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_75052c2013e74dac113aad150f2582dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио