00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга болгон расмий сапарынын алкагында Вьетнамдын Улуттук Жыйынынын төрагасы Чан Тхан Ман менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда эки өлкөнүн бир нече тармакта алакасын бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда Адылбек Касымалиев Вьетнам Кыргызстан үчүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш экенин айтты. Ал эми Вьетнамдын Улуттук Жыйынынын төрагасы Чан Тхан Ман өз кезегинде эки тараптуу, өзгөчө парламенттик өз ара аракеттенүү жаатындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирип, эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдарда биргелешип иштөөнүн келечегин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп калаарына ишенимин билдиришти.
Лебединовкадан ГЭС-5ке чейинки жол кантип кеңейтилип жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кеңейтилип жаткан Лебединовкадан ГЭС-5ке чейинки жол мурда эки тилкелүү болгон, оңдоп-түзөөдөн кийин төрт тилкелүү болот. Транспорт министрлиги каршы тилкелердин ортосун парапеттер бөлүп турарын кабарлады. Оңдоо иштери үчүн бюджеттен 574 миллион сом бөлүнгөн. Подрядчы жол курулушун 18 айда бүтүрүшү керек. Аталган жол Бишкек менен Түндүк айланма жолун байланыштырган "артерия" болуп саналат.
Бишкекте 7-8-9-март күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда. Министрликтин билдиришинче жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана Касым Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
АКШ президенти Дональд Трамптын тегерегиндегилер Владимир Зеленскийдин Киевдеги саясий атаандаштары экс-премьер Юлия Тимошенко, экс-президент Петр Порошенко менен жолуккан. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып кабарлады. "Дональд Трамптын айланасындагы жогорку кызматтагы төрт аткаминер Зеленскийдин саясий атаандаштары менен Киевде жашыруун жолукту. Трамптын союздаштары Юлия Тимошенко андан сырткары, "Европалык тилектештик" партиясынын маанилүү адамдарынын бири, мурдагы президент Петр Порошенко менен сүйлөштү", — деп басылма Жогорку Раданын үч депутаты жана АКШнын Республикачылар партиясынын тышкы саясат боюнча атын айткысы келбеген экспертине шилтеме кылып билдирген. Негизги кеп Украинадагы президенттик шайлоо боюнча жүргөн. Республикачылардын эксперти кездешүүгө келгендер өздөрүн оппозиция катары алып жүргөндүктөн, америкалыктар Зеленскийге караганда алар менен тез тил табышарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0