00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды. Ал электр энергиясындагы каатчылыкты жоюу үчүн ГЭСтерди курууда жергиликтүүлөр тараптан бут тосуулар болуп жатканын белгилеген. Президенттин билдирүүсү боюнча, өлкөнүн 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болсо, учурда 4 миллиард кВт саат гана электр кубаты иштелип чыгууда. "Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат. Өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк "суубузду кирдетип жатасыңар" деп жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды", – деген Жапаров. Жапаров электр энергиясын сатып алууга жылына 8,5 миллиард сом кетерин белгилеген. Президент ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү өздөрү тейлеген аймактардагы курулуп жаткан чакан ГЭСтерге максималдуу түрдө жардам берүү тапшырмасын койду. Ал эми жергиликтүү тургундарды курулуш иштерине тоскоол болбоого чакырып, эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алууну сунуштаган. Президент элди ыңгайсыздыкка үч ай чыдап коюуга үндөгөн.
12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди. Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт. "Биз азыр окутуп жаткан сабактар турмуштан алыстап калган. 12 жылдык окууда баланын эмоциясына көңүл бөлүнүп, инсан катары калыптанышына, анын мүнөзүн калыптандырууга, социалдашууга басым жасалат", — деди Токтомаметов.
Токмокто үч салыкчы жана бир ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда. "Токмок шаарындагы салыкчылар жеке ишкер менен сүйлөшүп, отчетторду бурмалашкан. Натыйжада бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.3-мартта Салык кызматынын Токмок боюнча мурдагы башчысы, киреше боюнча бөлүм башчысы, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана жеке ишкер камалганы кошумчаланды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Президент Дональд Трамп муну туюкка кептелип, мөөнөтү созулуп кеткен чатак катары карап жатат. Чынын айтканда, бул өзөктүк эки дерважа — Украинага жардам кылган Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы прокси-согуш", — деген Fox News телеканалына интервью берип жатып. Ал туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген. Шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0