00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Ак орда кабарлады. Токаев Касымалиевдин бул сапары эки бир тууган өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгилеген."Соода көлөмүн кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек. Казак-кыргыз чек арасындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексин тез арада ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүп, транзиттик-транспорттук коммуникациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл", — деген Токаев. Ал эми Касымалиев эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган бардык милдеттер казакстандык кесиптештери менен тыкыр иштелип чыкканын белгиледи. Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда кыргыз-казак чек арасында айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жое турган электрондук системаны киргизүү, жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш, Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пунктуларын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган.
Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылган. Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ИДПсы тогуз пайызга, ал эми жалпы уюм боюнча 4,2 пайызга өскөн. "ИДПнын өсүшү Арменияда алты пайыз, Казакстанда 4,8 пайыз, Россияда 4,1 пайыз жана Беларуста төрт пайызга жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионатындагы атаандаштык кыйла өскөнүн айтты. Кыргызстандын бардык регионундагы стадиондор реконструкциядан өтүп, модернизацияланууда. Аны менен катар жеңил атлетиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, эл аралык стандарттарды эске алып, чуркоо аянтчалары да камтылат.Анын айтымында, өлкөдө жеңил атлетика спорттун приоритеттүү алты түрүнө кирип, мамлекеттик колдоо жогору.Ошондой эле ал жеңил атлетика машыктыруучуларын даярдоо боюнча иш алып баруу керектигин, айлык акысы өтө аз болгондуктан аларды жумушка чакыруу кыйын болуп жатканын кошумчалады.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0