00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Фитоконтроль ЕАЭС на границе: какие риски несет завоз семян и саженцев
08:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Борбор калаада автоунаа токтотуу системасы санариптештирилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Комфорт и цифровые билеты: как меняются железнодорожные перевозки в КР
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Быйылтан баштап Бишкек менен Ошто учуп-конуу тилкелери оңдоло баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Ош" аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде билдирди. Анын айтымында, аэропорт 1974-жылы курулуп, каттамдардын санынын өсүшү менен элди толук кандуу тейлей албай калган. Ал 2021-2024-жылдар ичинде аэропортто жүргүнчүлөрдүн саны 4 миллиондон 6 миллионго чейин көбөйгөнүн белгилеп, аны модернизациялоонун зарылдыгы келип жеткенин айтты."Жаңы аэробекет комплекси, аэропорттон саатына 900 жүргүнчүнүн учуп-конуусун тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бүгүнкү күндө туман каптаса эле Бишкектен да, Оштон да учактар уча албай жатканын жакшы билесиздер. Быйылкы жылдан баштап Бишкекте да, Ошто да учуп-конуу тилкелеринде оңдоо иштери жүрөт. 2027-жылдан баштап туман деген көйгөй болбойт. Конуу тилкелерин эң жогорку категорияга жеткиребиз. Кандай гана аба ырайы болбосун, учактар учуп-коно берет", — деди мамлекет башчы. Жапаров аэропорт өлкөдө жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча экинчи орунда турганын айтып, ал жергиликтүү эл менен кошо Борбор Азия, КМШ, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка региондордун ортосундагы маанилүү байланышты камсыз кыларын кошумчалады.
2024-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. 1-апрелге чейинжергиликтүү уюмдар; Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууга милдеттүү.1-майга чейин жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар; чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КР жарандары; салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар тапшырышы кажет.Жеке жактар декларация тапшыруудан бошотулгандыктан мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери, пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар аны тапшырбайт. Бирок каалоочулар ыктыярдуу негизде декларация тапшырса болору кошумчаланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Бишкектеги жаңы конуштарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады.Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр козу карындай пайда болуп, шаардын көркүн бузуп жатат."Жаңы конуштарга көп кабатуу үй курууга мораторий киргизүү керек. Анткени азыр 4-5 үйдү сатып алышып, көп кабаттуу үй курушууда. Бул коңшуларына да кыйынчылыктарды жаратууда", — деди Атажанов.Ал эми курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев борбор калаанын башкы планы даярдалып жатканын белгилеп, ага туура келбеген жерге үй курууга уруксат берилбей турганын билдирди.
ЕАЭБ биржаларында уюмга мүчө өлкөлөр бири-биринин компанияларынын акция жана облигацияларын соодалай алат. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди биримдиктин өлкө премьерлери кабыл алган. Эми өлкөлөр ичинде ратификация иштери жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0