00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
11:03
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
эфир
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин алкагында жүк ташуулар эркин жүргүзүлөт — автотранспортаркылуу жүк ташууну жеңилдетүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
11:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Шанс на семью: что мешает и что изменят в системе усыновления?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
"Кызмат" мекемесинин жаңы имараты курулат — калкты тейлөө борборлорунда эмнелер өзгөрөт?
13:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как безопасно сдавать и снимать жилье? Советы юриста
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Геополитика и инвестиции: что несет Кыргызстану партнерство с КНР?
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Аял затына караганда жүгөрүнүн сырын жакшы билем. Дайыма мол түшүм алган дыйкан менен маек
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Об итогах госвизита Эмомали Рахмона в Кыргызстан
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоору кайсы этапта?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как безопасно сдавать и снимать жилье? Советы юриста
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Бишкек шаарынын мэриясы бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Талкууга коюлган мыйзамдын долбоорунда, жергиликтүү бийликке айып салуу укугун берүү жана айыптардын суммасын кобөйтүү сунушталууда. Ага ылайык, таштанды таштаган, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга, калдыктарды өрттөгөндөргө, белгиленбеген жерде соода кылгандарга айыптарды көбөйтүү каралган. Ошондой эле көрктөндүрүү жана таштанды таштоо боюнча салынган айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда. Жогорку Кенештин депутаты Таалайбек Сарыбашев өкмөткө “Издейм сени” телеберүүсүн жандандыруу керектигин айтты.Анын айтымында өлкөдө дайынсыз жоголгондордун саны көбөйүп жатат. “2024-жылдын ноябрында Бишкектин Ленин районунда 1981-жылы туулган Тилек Аманбаев деген киши дайынсыз жоголгон экен. Азыр 80ге чыккан апасы шаарда издеп жүрөт. Ошого жакшылап жардам берип койсок... Мурун УТРКда “Издейм сени” деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат”, — деди Таалайбек Сарыбашев. Биринчи май райондук соту MCN Coin иши боюнча кармалган Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков камакка алынганын билдирди. Эскерте кетсек, чуулуу MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков буга чейин "криптовалютаны" үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген. Сот чыгарган токтомдо 11-февралда кармалган Тойчубековго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси боюнча иш козголгону, ал 5-апрелге чейин камакта болору айтылат. «Ош» аэропортундагы туманга байланыштуу учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Ош шаарындагы аэропортогу убактылуу чектөө саат 10:47де алынган. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу чектөө киргизилген болчу. Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен бир жарым сааттай сүйлөшкөнүн Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. Эки президент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасын, Россия менен АКШнын жарандарын алмашууну, экономика тармагындагы россия-америка мамилелерин, мындан аркы байланыштарды талкуулаган. Путин америкалык аткаминерлерди Россияда, анын ичинде Украина темасы боюнча да кабыл алууга даяр экенин билдирди.Россия президенти АКШ лидерин Москвага сапар менен келүүгө чакырган. Өз кезегинде АКШнын президенти америка тарап бардык келишимдерди аткарарын айткан. Ал кесиптеши Путин менен сүйлөшүү өтө жемиштүү болду деп билдирген. Трамп АКШнын мамкатчысына, ЦРУнун директоруна, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисине, андан сырткары, Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча сүйлөшүү процесстерин баштоого тапшырма бергенин айткан. Песков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Украинадагы атайын операциянын башталышынын баштапкы себептерин жоюу тууралуу айтканын белгиледи.
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясы бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Талкууга коюлган мыйзамдын долбоорунда, жергиликтүү бийликке айып салуу укугун берүү жана айыптардын суммасын кобөйтүү сунушталууда. Ага ылайык, таштанды таштаган, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга, калдыктарды өрттөгөндөргө, белгиленбеген жерде соода кылгандарга айыптарды көбөйтүү каралган. Ошондой эле көрктөндүрүү жана таштанды таштоо боюнча салынган айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда.
Жогорку Кенештин депутаты Таалайбек Сарыбашев өкмөткө “Издейм сени” телеберүүсүн жандандыруу керектигин айтты.Анын айтымында өлкөдө дайынсыз жоголгондордун саны көбөйүп жатат. “2024-жылдын ноябрында Бишкектин Ленин районунда 1981-жылы туулган Тилек Аманбаев деген киши дайынсыз жоголгон экен. Азыр 80ге чыккан апасы шаарда издеп жүрөт. Ошого жакшылап жардам берип койсок... Мурун УТРКда “Издейм сени” деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат”, — деди Таалайбек Сарыбашев.
Биринчи май райондук соту MCN Coin иши боюнча кармалган Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков камакка алынганын билдирди. Эскерте кетсек, чуулуу MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков буга чейин "криптовалютаны" үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген. Сот чыгарган токтомдо 11-февралда кармалган Тойчубековго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси боюнча иш козголгону, ал 5-апрелге чейин камакта болору айтылат.
«Ош» аэропортундагы туманга байланыштуу учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Ош шаарындагы аэропортогу убактылуу чектөө саат 10:47де алынган. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу чектөө киргизилген болчу.
Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен бир жарым сааттай сүйлөшкөнүн Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. Эки президент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасын, Россия менен АКШнын жарандарын алмашууну, экономика тармагындагы россия-америка мамилелерин, мындан аркы байланыштарды талкуулаган. Путин америкалык аткаминерлерди Россияда, анын ичинде Украина темасы боюнча да кабыл алууга даяр экенин билдирди.Россия президенти АКШ лидерин Москвага сапар менен келүүгө чакырган. Өз кезегинде АКШнын президенти америка тарап бардык келишимдерди аткарарын айткан. Ал кесиптеши Путин менен сүйлөшүү өтө жемиштүү болду деп билдирген. Трамп АКШнын мамкатчысына, ЦРУнун директоруна, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисине, андан сырткары, Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча сүйлөшүү процесстерин баштоого тапшырма бергенин айткан. Песков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Украинадагы атайын операциянын башталышынын баштапкы себептерин жоюу тууралуу айтканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0