00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкек, Токмок жана Кара-Балтаны байланыштырган темир жолдун боюна кичи райондорду курууну сунуштады. Анын айтымында, бул борбор калаадагы ыш, тыгын жана турак жай ижарасынын кымбатчылыгы боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк түзөт. "Кара-Балтаны, Токмокту көздөй темир жолубуз бар, ал жерге жакын кичи райондор курулса тургундар поезд менен Бишкекке жарым саатта келип, кечинде кетип калмак. Жер бөлүп, кичи райондорду салсак ушул үч маселени чечмекпиз", — деди Абакиров.Депутат министрлер кабинети менен мэрияга кайрылып, бул багытта долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же МИК механизми аркылуу ишке ашырууну сунуштады.
Бажы кызматынын айып короосунда армян, абхаз номерлүү 900дөй машина турат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Арсланбек Эгембердиев оң рулдуу унаалар кандай учурда айып короого токтотуларын сурады. "Бул Бажы кызматынын компетенциясына кирет. Рейд учурунда Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери эреже бузган унааны токтотуп берет. Бажы кызматкерлери документтерди текшерип, протокол түзүп, унааларды өздөрүнүн айып короосуна киргизишет. Ал эми биздин кызматкерлер мындай ишти өз алдынча жүргүзө албайт", — деди Урмамбетов. Ал эми Эгембердиев бул айдоочуларды айып короонун төлөмдөрүнөн бошотууну суранды. Антпесе күнүнө 300-500 сомдон топтолуп отуруп, автоунааны мыйзамдаштырганга чейин чоң сумма чыгып кетерин белгиледи.
Кыргызстандагы бардык аэропорттордун кызматкерлери февраль айынан баштап төш камераларды тагына башташат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, бул чара өлкөнүн аэропортторундагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатууга жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө багытталган. Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу кырдаалдарда объективдүү баа берүүгө жардам берери кошумчаланды.
Россия эч качан өз аймагын алмашуу боюнча маселени талкуулаган эмес, талкуулабайт дагы. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Владимир Зеленский Guardian басылмасына маек куруп жатып Россия менен аймак алмашууну четке какпай турганын белгилеген. Бирок чоо-жайын ачыктаган эмес. "Мындай болушу мүмкүн эмес. Россия өз территориясын алмашуу боюнча эч качан талкуулаган эмес, талкуулабайт дагы, ага жол бербейт. Украиналык топтор бул аймактардан чыгарылат, аман калгандардын баары куулат", — деди Песков журналисттерге.
Жаңылыктар түрмөгү
0