00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жүрөк хирургиясы институтунда жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, өрт жер төлөдөн чыккан. "Азыр тиешелүү органдар өрттүн себебин аныктоо үчүн ал жакта иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кубаттуу жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан эшик сыртка ийилип кеткен. Түтөп баштаганда күзөт кызматы дароо персоналга айткан. Алар терезелерди ачышкан. Түтүн 5-кабатта операция блогунан чыккан. Анан жандандыруу бөлүмү жайгашкан 4-кабатка өткөн. Бардык бейтаптар Улуттук кардиологиянын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Айрым бейтаптар операциядан чыгып жандандыруу бөлүмүндө эле— деген Чечейбаев.А ошондой эле көз жумган балдар да операциядан чыккандыктан, абалы ансыз да оор болгонун, тилекке каршы, алардын сактай өмүрүн сактай албаганын билдирди.
Камбар-Ата-1 ГЭСи толугу менен 6,5 жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик бюджеттен 4 млрд сом бөлүнүп, даярдык иштери жүрүп жатат. Бул каражатка туннель, жолдор, көпүрөлөр салынды. Мындан сырткары, каражатка ошол жерде кызмат өтөөчү кызматкерелерге жатакана курулууда. “Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Ушул компания үч мамлекттин ортосундагы келишимди даярдайт. Бул боюнча бизде май айында Түркияда жолугушуу болот. Жолугушууда дүйнөлүк донорлордун кайсынысы канча каражат бөлөрү белгилүү болот”, - деди министр. Министр кошумчалагандай, эсептөөлөр боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 3,5 млрд доллар сарпталат жана 6,5 жыл убакыт керектелет. Эгерде үстүбүздөгү жылы каржылоо маселеси чечилсе, жылдын аягында куруу иштери башталат.
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 10 жаңы тоо иштерин жөнгө салуучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Техникаларды энергетика министри Таалайбек Ибраев тапшырды. Министр жаңы техникалар көмүр тармагынын ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөөрүн айтып, аларды жоопкерчилик менен колдонууга чакырды. Аталган техникалар ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 36 млн 780 миң 600 сомго сатып алынган.
Ошто үйүнө чейин келип үч кишини тоноп кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 7-февралда болжол менен таңкы саат 05:00дөр чамасында болгон. "Ош шаарында 19, 30, 36 жаштагы жарандардын Курманжан датка көчөсүндөгү батирине белгисиз үч адам кирип келген. Алар үйдөгүлөрдү бычак менен коркутуп, сабап, баасы 8 миң сомдук кол саатын, iPhone 13 pro, Redmi үлгүсүндөгү телефондорун жана 28 миң сом накталай акчасын карактап кетишкен", — деп айтылат маалыматта. Иш козголуп, 22 жана эки 21 жаштагы жаран колго түшүрүлүп, эки айга камалганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0