https://sputnik.kg/20250208/1091938365.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Пекинде Кытайдын Мамлекеттик... 08.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-08T13:00+0600
2025-02-08T13:00+0600
2025-02-08T13:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/08/1091938233_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5b557d0cd8ecacdb3c3c5dc15effbfa2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Пекинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Андан соң Элдик жыйындар үйүндө президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп, кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.
Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат, андан кийин киргендерге документ берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жобосу чыкканын Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, автоунаанын ээси мамлекеттик алымды төлөшү керек жана машинаны техпаспортто көрсөтүлгөн гана адам айдоого укуктуу. Министрлик документи жок же качан алып келингени белгисиз болгон автоунааларды сатып албоону сунуштады. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этаб-этабы менен мыйзамдаштырыла баштайт. Алгач документтери бар автоунаалар, андан кийин документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелерин караган комитеттеринин жана комиссияларынын жетекчилерине кезикти. Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин элчилери жана уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышкан. Анда 2024-жылдагы кызматташуунун негизги жыйынтыктары талкууланып, жамааттык коопсуздук тутумун мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ошондой эле бирикменин ишмердүүлүгүнүн парламенттик чөйрөсүн жана тышкы саясатты координациялоону бекемдөө сүйлөшүлгөн. Мындан сырткары, күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.
Президент Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Пекинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Андан соң Элдик жыйындар үйүндө президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп, кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат, андан кийин киргендерге документ берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жобосу чыкканын Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, автоунаанын ээси мамлекеттик алымды төлөшү керек жана машинаны техпаспортто көрсөтүлгөн гана адам айдоого укуктуу. Министрлик документи жок же качан алып келингени белгисиз болгон автоунааларды сатып албоону сунуштады. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этаб-этабы менен мыйзамдаштырыла баштайт. Алгач документтери бар автоунаалар, андан кийин документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелерин караган комитеттеринин жана комиссияларынын жетекчилерине кезикти. Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин элчилери жана уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышкан. Анда 2024-жылдагы кызматташуунун негизги жыйынтыктары талкууланып, жамааттык коопсуздук тутумун мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ошондой эле бирикменин ишмердүүлүгүнүн парламенттик чөйрөсүн жана тышкы саясатты координациялоону бекемдөө сүйлөшүлгөн. Мындан сырткары, күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/08/1091938233_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f7abaa9e85799a14ba515ea7904cf8e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио