00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
14:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын билдирди. Министрликтен маалымдашкандай, чет өлкөлөргө бодо мал, майда жандык жана жылкы экспорттоо 31-январдан баштап токтотулган. Ал эми 31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктап, ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат. Тыюу алынганда министрлик бул тууралуу кабарлай турганын кошумчалаган. Мал экспортуна тыюу салуу боюнча суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертишти.
Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган. “2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.
Эсеп палатасынын инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Эсептөө палатасынын инспектору 5 миң доллар пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармаган. Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан бери Эсептөө палатасынын инспекторлору Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Инспекторлор тобунун жетекчиси мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгарам деп 5 миң доллар пара талап кылган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский. Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан. Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты. Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде. Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0