00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы кыргыз-европалык өнөктөштүктү чыңдоого Мэрилин Йосефсондун кошкон олуттуу салымын белгилеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Өз кезегинде Мэрилин Йосефсон Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин белгиледи. Ал геосаясий чакырыктарга карабастан, Кыргызстан эл аралык алакаларга карата салмактуу жана прагматикалык мамилени көрсөтүп жатканын айтып өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алматыда Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен кезикти. Жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду. Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Евразиялык экономикалык биримдиктин кийинки өкмөттөр аралык жыйыны Кыргызстанда болот. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди. Анын айтымында, жыйын Чолпон-Ата шаарында август айында өтөт. Учурда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Ага удаалаш эле жыл сайын өтүүчү санариптик форум болду. Бул иш-чараларга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.
Бишкек, Ош шаарларында балдар мектепке батпай калат деген коркунуч бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди "Мындай кыйынчылык жыл сайын жаралып келет. 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн жаңы мектептер курулуп жатат. Бул маселе жаралбаш үчүн 1-сентябрга чейин жергиликтүү органдар, райондук, шаардык бөлүмдөр менен балдар мектепке батабы, батпайбы, тактоо иштерин жүргүзүп барып жатабыз. Бул көйгөй Бишкекте гана болушу мүмкүн. Февралдан баштап ар бир директор менен жолугуп, канча классты кайсы жерге отургузарын тактайбыз. Батпай кала турган болсо, сентябрга чейин ал маселени чечкенге аракет кылабыз", — деген Касымова. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 14 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 1-февралга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республиканын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…+2, Ош шаарында +2...+4 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0