https://sputnik.kg/20250128/1091693701.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодоКлиматолог январдын жылуу болушунун бир себебин айттыБишкектеги мектеп-интернаттардын... 28.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-28T15:00+0600
2025-01-28T15:00+0600
2025-01-28T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1c/1091693569_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_59416ae71960197b0dc1ac263f632c08.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодоКлиматолог январдын жылуу болушунун бир себебин айттыБишкектеги мектеп-интернаттардын биринде балдар класстарда жашап жататАлдыда кененирээк Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, ЖОЖдордо окутуу көбүнчө орус тилинде болуп, бирок документ кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүктөн ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлер кыйналып калууда. "Былтыр министрдин (билим берүү) катышуусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ЖОЖдордун форумун өткөрдүк. Жогорку окуу жайларда студенттер билимди орус тилинде алышат. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношкондон кийин кыргыз тилин өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда. Мектептерде балдарды бир нече тилде окутуу программасы бар. Ошону эле ЖОЖдорго да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул маселеге көңүл бурулбаса мамлекеттик кызматта кыргыз тилин билүү талабы ошол боюнча кала берет", — деди Мураталиев.
Бишкектеги No71 мектеп-интернаттын балдары класстарда жашашса, 12-кичирайондун окуучулары кошуна кичирайондогу мектептерге барууга аргасыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Татьяна Кузнецова билдирди. Депутаттын айтымында, 2014-жылы муниципалдык мектеп жетим балдар үчүн мектеп-интернатына айландырылып, бирок окуучуларга арналган жатакананын курулушу бүтпөй калган. «Мектеп интернатка айланган, бирок жатакананын курулушу бүтпөй калган. Азыр класстык бөлмөлөр турак жайга айландырылды. «Бул интернатта өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкек шаарынан келген балдар окушат», — деп түшүндүрдү Кузнецова. Ал билим берүү мекемесин 12-кичи райондун тургундарына кайтарып берүү үчүн окуучуларды No1 мектеп-интернатына көчүрүүнү жана имараттагы кадимки мектептин ишин калыбына келтирүүнү сунуштады. Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы мектеп-интернатты лицейге айландыруу пландалып жатканын билдирди. Бирок долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөтү азырынча айтыла элек.
Январь айынын жылуу болушуна "Түндүк агымдагы" авариядан кийин газдын бөлүнүп чыгышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу климатолог Николай Терешонок билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен Эль-Ниньодон тышкары, "Түндүк агымдагы" кырдаал олуттуу роль ойногон деп эсептейм. Бул газ көмүр кычкыл газынан ондогон, атүгүл жүздөгөн эсе көп парниктик эффект чыгарган", — деди ал. Климатолог белгилегендей, кээ бир эксперттер мындай өзгөрүүлөргө алып келүү үчүн чыккан газдын көлөмү жетишсиз деп эсептешет. Бирок Терешонок мунун жаңылыш ой экенин айтууда. Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2де" 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.
Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодоКлиматолог январдын жылуу болушунун бир себебин айттыБишкектеги мектеп-интернаттардын биринде балдар класстарда жашап жататАлдыда кененирээк Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, ЖОЖдордо окутуу көбүнчө орус тилинде болуп, бирок документ кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүктөн ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлер кыйналып калууда. "Былтыр министрдин (билим берүү) катышуусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ЖОЖдордун форумун өткөрдүк. Жогорку окуу жайларда студенттер билимди орус тилинде алышат. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношкондон кийин кыргыз тилин өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда. Мектептерде балдарды бир нече тилде окутуу программасы бар. Ошону эле ЖОЖдорго да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул маселеге көңүл бурулбаса мамлекеттик кызматта кыргыз тилин билүү талабы ошол боюнча кала берет", — деди Мураталиев.Бишкектеги No71 мектеп-интернаттын балдары класстарда жашашса, 12-кичирайондун окуучулары кошуна кичирайондогу мектептерге барууга аргасыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Татьяна Кузнецова билдирди. Депутаттын айтымында, 2014-жылы муниципалдык мектеп жетим балдар үчүн мектеп-интернатына айландырылып, бирок окуучуларга арналган жатакананын курулушу бүтпөй калган. «Мектеп интернатка айланган, бирок жатакананын курулушу бүтпөй калган. Азыр класстык бөлмөлөр турак жайга айландырылды. «Бул интернатта өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкек шаарынан келген балдар окушат», — деп түшүндүрдү Кузнецова. Ал билим берүү мекемесин 12-кичи райондун тургундарына кайтарып берүү үчүн окуучуларды No1 мектеп-интернатына көчүрүүнү жана имараттагы кадимки мектептин ишин калыбына келтирүүнү сунуштады. Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы мектеп-интернатты лицейге айландыруу пландалып жатканын билдирди. Бирок долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөтү азырынча айтыла элек.Январь айынын жылуу болушуна "Түндүк агымдагы" авариядан кийин газдын бөлүнүп чыгышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу климатолог Николай Терешонок билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен Эль-Ниньодон тышкары, "Түндүк агымдагы" кырдаал олуттуу роль ойногон деп эсептейм. Бул газ көмүр кычкыл газынан ондогон, атүгүл жүздөгөн эсе көп парниктик эффект чыгарган", — деди ал. Климатолог белгилегендей, кээ бир эксперттер мындай өзгөрүүлөргө алып келүү үчүн чыккан газдын көлөмү жетишсиз деп эсептешет. Бирок Терешонок мунун жаңылыш ой экенин айтууда. Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2де" 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1c/1091693569_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b868bdda6b744903c20361e5ef114f3.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио