00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды."өлкөдө газ өндүрүшү жок болгондуктан импорттойбуз. Бирок башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баа төмөн. Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения газды Азербайжан жана Россиядан алганы менен тарифтери биздикинен эки эсе жогору. Бизде минималдуу тарифтер коюлгандыктан, 2014-жылдан бери алганда, былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык", — деди Алдаяров.
Өткөн жылдын декабрь айында ачылган Бишкек – Москва багыты боюнча темир жол каттамы аркылуу 13 миң 422 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Бишкектен чыккан жүргүнчүлөр Москванын Павелецкий вокзалына чейин учак менен барганга караганда кыйынчылыксыз жетишет.Маалым болгондой, 2024-жылы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жалпы 9 млн 200 миң тонна жүк ташыган. Жүктөрдүн эң негизги көлөмү импорттук жана өзүбүздөн чыккан экспорттук жүк ташуулар болуп саналат. Көбүнчө Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Махачкала шаарына чейин чоң көлөмдө жүктөр ташылат. Ал эми жүргүнчү ташуу боюнча өткөн жылы бардыгы 271 миң 446 жүргүнчү ташылган. Ошондой эле 2024-жылы мамлекеттик бюджетке 527,6 млн сом, ал эми Социалдык фондго 520,2 млн сом акча төлөнгөндүгүн ишкана өкүлү кошумчалады.
Бишкектин 109 мектебине жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Азамат Токтоналиев билдирди.Анын айтымында, көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатат, калгандары жакында ишке кирет. "Эгерде окуу жайга террористтер, мурда соттолгондор же мектепке тиешеси жок адамдар кирсе, анда камералардын жардамы менен маалымат бизге автоматтык түрдө келип турат", — деди Токтоналиев. Ал Бишкек шаарында 109 мектеп бар экенин, административдик-аймактык реформадан кийин дагы 18 мектеп кошулганын, аларды камера менен жабдууга 19,2 миллион сом керек экенин кошумчалады.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикти антироссиялык санкцияларга мамилени кайра карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал соцтармакта билдирүү калтырганын РИА Новости жазды.Премьер-министр Россияга каршы салынган санкциялардын пайдасы болбогонун, алар Украина чырын жөнгө сала албай, Европа энергоресурстарына альтернатива таба албаганын белгилеген.Ал эми Россия кастарын тиккен өлкөлөрдүн бир нече жыл мурун баштаган санкциялык кысымына туруштук бере аларын айтып келет. Батыштын өзүндө деле чектөөчү чаралар майнапсыз деген пикирлер жаңырган. РФ президенти Владимир Путин Россияны чектеп, ооздуктоо саясаты каршы тараптын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар жалпы дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеген. Анын айтымында, Батыштын максаты — миллиондогон кишинин жашоосун начарлатуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0