00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, анда коррупцияны алдын алуу, кадрлардын квалификациясын жакшыртуу милдети коюлган. Бул тапшырмалар компаниянын ишин жакшыртып, социалдык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды. "Президент Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу иштери башталат. Атап айтканда, Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант шаарларында жана Ысык-Ата районунда жаңы үйлөр курулат. Бул иш-чаралар аймактардагы жарандарды турак жай менен камсыздоону жакшыртууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл республика боюнча 5 миң батир берүүнү пландап жатканы кошумчаланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол эрежесин бузгандарды айдоочулар өздөрү каттап, ал үчүн сыйлык алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү сунушун айтты. "Бизде бир жумада 18 миң, ал эми бир жылда 800 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталат. Бул болгону ГАИ тарабынан аныкталгандар гана. Элестетиңиздер, канчалаган учурлар көз жаздымда калууда", — деди депутат. Ал жарандар үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууну сунуштап, анда видео же сүрөт жүктөп, мыйзам бузууларды каттоого шарт түзүлөрүн белгиледи.
2024-жылдын 12 айында эл аралык автомобиль ташууларына 144 миң 600дөн ашуун уруксат кагаздары берилген. Бул тууралуу былтырк жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы лицензия жана уруксат берүүдөн, жүктөрдү таразалоодон жана көлөмдөрүн өлчөөдөн, бөлүштүрүлбөгөн жүктөрдү ташууга атайын уруксат алуудан жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айып салуудан өлкө бюджетине жалпысынан 398 млн 886 миң сом түшкөн.
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун төрөтканасында кош бойлуу келин каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, бул 45 жаштагы аялдын жетинчи төрөтү болгон. "Аял төрөтканага толгоо тартып келген. Бирок абалы начарлап кеткен. Көрүлгөн чараларга карабай аял төрөгөнгө чейин эле каза болуп, ичиндеги баласы да чарчап калган. Учурда бул окуя боюнча облустук деңгээлде териштирүү жүрүп жатат", — деп билдиришти министрликтен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.
Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда чыккан өрттөн каза болгондордун саны 76 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкө ИИМине таянуу менен РИА Новости жазды. Ekol TV телеканалынын маалыматы боюнча, 1974-жылы курулган мейманкананын сырты жыгач болгондуктан жалын бат тутанып кеткен. Имаратта түтүн чыкканы боюнча белги берген датчиктер, өрт өчүргүчтөр болгон эмес.Тергөөнүн алкагында тогуз адам, анын ичинде мейманкананын ээси кармалганы кабарланууда. Өлкөдө аза күтүү жарыяланды. Ал арада Кыргызстандын ТИМи өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0