https://sputnik.kg/20250114/bugun-14-yanvarda-ataktuu-snayper-aliya-moldagulova-kurman-bolgon-1091403940.html
Бүгүн казакстандык снайпер Алия Молдогулова курман болгон күн. Видео ирмемдер
Бүгүн казакстандык снайпер Алия Молдогулова курман болгон күн. Видео ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Казакстандык снайпер Алия Молдогулова 81 жыл мурда согушка акыркы ирет кирген. 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T20:08+0600
2025-01-14T20:08+0600
2025-01-14T20:08+0600
дүйнөдө
ссср
улуу ата мекендик согуш
снайпер
советтер союзунун баатыры
ефрейтор
видео
алия молдогулова
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091408513_0:10:1080:618_1920x0_80_0_0_fdb0ffbb62a8f6bb0cf4d185b546aed3.jpg
Советтер Союзунун Баатыры сегиз ай согуштун алдыңкы чектеринде жүргөн. Бул мезгил ичинде, ар кыл эсептөөлөргө караганда, немецтин жүзгө чукул офицери менен жоокерин жок кылган.Алия 1925-жылы Актөбө облусундагы Кобдин районуна караштуу Булак айылында туулган. Жаштайынан ата-энесиз калып, таякелеринин чоң үй-бүлөсүндө тарбияланган.1942-жылдын 1-октябрында Рыбин авиациялык техникумунда окуп баштайт да, бирок үч айдан кийин эле аскер комиссариатына арыз таштайт. Ошентип 17 жаштагы Алия снайперлерди даярдаган кыздардын мектебине өтөт.1943-жылдын декабрында согушка аттанат. 1944-жылдын 14-январында ефрейтор Молдогулова Псков облусунун Казачиха району үчүн болгон салгылашта курман болгон.Бул каарман кыз туурасында кыргызстандык режиссер Болот Шамшиев 1985-жылы "Снайперлер" деп аталган көркөм фильм тарткан. Башкы каарманды кыргызстандык Айтурган Темирова аткарган.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091408513_0:0:1080:810_1920x0_80_0_0_ef7e0c67ea1ef5555e10b3bae182b1e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, снайпер, советтер союзунун баатыры, ефрейтор, видео, алия молдогулова, видео
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, снайпер, советтер союзунун баатыры, ефрейтор, видео, алия молдогулова, видео
Бүгүн казакстандык снайпер Алия Молдогулова курман болгон күн. Видео ирмемдер
Казакстандык снайпер Алия Молдогулова 81 жыл мурда согушка акыркы ирет кирген.
Советтер Союзунун Баатыры сегиз ай согуштун алдыңкы чектеринде жүргөн. Бул мезгил ичинде, ар кыл эсептөөлөргө караганда, немецтин жүзгө чукул офицери менен жоокерин жок кылган.
Алия 1925-жылы Актөбө облусундагы Кобдин районуна караштуу Булак айылында туулган. Жаштайынан ата-энесиз калып, таякелеринин чоң үй-бүлөсүндө тарбияланган.
1942-жылдын 1-октябрында Рыбин авиациялык техникумунда окуп баштайт да, бирок үч айдан кийин эле аскер комиссариатына арыз таштайт. Ошентип 17 жаштагы Алия снайперлерди даярдаган кыздардын мектебине өтөт.
1943-жылдын декабрында согушка аттанат. 1944-жылдын 14-январында ефрейтор Молдогулова Псков облусунун Казачиха району үчүн болгон салгылашта курман болгон.
Бул каарман кыз туурасында кыргызстандык режиссер Болот Шамшиев 1985-жылы "Снайперлер" деп аталган көркөм фильм тарткан. Башкы каарманды кыргызстандык Айтурган Темирова аткарган.