Суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду
Суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.Маалыматка ылайык, мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган.Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган.
Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган
"Мөңгү тоңдуруу иш-аракеттери жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда. Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.