https://sputnik.kg/20250114/adylbek-kasymaliyev-basseyn-bashkarmalyk-1091395522.html
Өлкөдө суу ресурстарынын беш бассейн башкармалыгы түзүлөт
Өлкөдө суу ресурстарынын беш бассейн башкармалыгы түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T10:39+0600
2025-01-14T10:39+0600
2025-01-14T10:39+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
бассейн
башкармалык
суу ресурстары
токтом
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069214249_0:168:2835:1763_1920x0_80_0_0_49ec2c5192e0639abd7f335158e12388.jpg
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-январда кол койду.Түзүлгөн бассейн башкармалыктар:Бул башкармалыктар юридикалык жак катары катталып, республикалык бюджеттен каржыланмакчы. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы тууралуу мурунку токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бассейн башкармалыктарынын кызматкерлери суу чарба тармагындагы жаңы шарттарга ылайык эмгек акы ала алышат.Буга чейин өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралганы, алар мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш алып барары айтылган.
https://sputnik.kg/20240707/ekonomist-kubat-rakhimov-suunu-tovar-1086781955.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069214249_484:0:2835:1763_1920x0_80_0_0_955bf54a8cb0fbd678edcdc34fe634fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, бассейн, башкармалык, суу ресурстары, токтом
кыргызстан, адылбек касымалиев, бассейн, башкармалык, суу ресурстары, токтом
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-январда кол койду.
Түзүлгөн бассейн башкармалыктар:
"Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Ысык-Көл — Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Нарын — Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Кара-Дарыя — Сыр-Дарыя — Аму-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы".
Бул башкармалыктар юридикалык жак катары катталып, республикалык бюджеттен каржыланмакчы. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы тууралуу мурунку токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бассейн башкармалыктарынын кызматкерлери суу чарба тармагындагы жаңы шарттарга ылайык эмгек акы ала алышат.
Буга чейин өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралганы, алар мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш
алып барары айтылган.