https://sputnik.kg/20250113/bazar-korgon-ukmk-kylmysh-korruptsiya-1091377628.html
Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды
Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T11:23+0600
2025-01-13T11:23+0600
2025-01-13T11:27+0600
кыргызстан
базар-коргон
укмк
кылмыш
коррупция
видео
https://sputnik.kg/img/104473/04/1044730495_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_b9551ff993a014bbb95abd988ec36b8a.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, салыкчы 9-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Учурда бул кылмышка тиешелүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.УКМК бул иш коррупционерлерге карата жаза катаалдагандан кийин жасалганын эске салган. Жаңы мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди.
https://sputnik.kg/20250112/korrupciya-talas-milicioner-1091364928.html
базар-коргон
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104473/04/1044730495_161:0:2892:2048_1920x0_80_0_0_9a26fb06fb0dcbad802e693a04edea51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, базар-коргон, укмк, кылмыш, коррупция, видео
кыргызстан, базар-коргон, укмк, кылмыш, коррупция, видео
Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды
11:23 13.01.2025 (Жаңыртылды: 11:27 13.01.2025) БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салыкчы 9-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. пара менен кармалды. Ал мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алгандыгы аныкталган. Соттун уруксаты менен анын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешелүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
УКМК бул иш коррупционерлерге карата жаза катаалдагандан кийин жасалганын эске салган. Жаңы мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди.