00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирип, анын алкагында биринчи болуп милиционер кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Таласта ички иштер башкармалыгынын участкалык инспектору үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтотуп бергени үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Кызматкер сураган акчасынын 20 миң сомун алгандан кийин кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды. Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюп, документ 1-январда күчүнө кирген. Жаңы мыйзамга ылайык, коррупцияга шектелип кармалгандарга жаза күчөтүлүп, коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт ошондой эле абактан акча төлөп кутула албайт.
Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Максаты — жазгы талаа иштери башталганда фермерлерди минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. “Өлкөнүн минералдык жер семирткичке болгон муктаждыгы жылына 286,7 миң тоннаны түзөт. Өз өндүрүшүбүз жок болгондуктан Өзбекстандан 100 миң тонна алып келинет. Бул керектөөнүн 45-55 пайызын жабат. Акыркы жылдары жер семирткич Тажикстанга реэкспорт болуп, фермерлердин муктаждыктары жабылбай калууда”, — деп айтылат маалыматта. Мындан улам Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат. Эгерде министрлер кабинети токтомду кабыл алса чектөө алты айга киргизилет.
Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 52 адам, 3 дрон тартылды. Ошондой эле куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан. Учурда издөө иштери Таш-Көмүр шаарынын аймагында жүрүп, министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрынан бери Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
Калифорниянын түштүгүндөгү өрттөн каза болгондордун саны 16 кишиге жетти. Бул тууралуу NBC News телеканалына таянып РИА Новости кабарлады. Билдирмеге караганда, жалын аталган аймактагы 10 миңден ашык имаратты жалмаган. АКШнын Калифорния штатында токойдон чыккан өрт катуу шамалдан улам күч алып, калктуу конуштарга өткөн. Лос-Анжелес аймагында токойлор 7-январдан тарта өрттөнө баштады. 9-январда Калифорниянын төрт жеринде өрт күчөп, Палисейдс району катуу жапа чеккен. Итон-Файр аймагында да 10 миң гектардан ашык жер өрттөнүп, 13 миң имаратка коркунуч жараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0