00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. “Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алган.
Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Ишенбай Молдоташев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Жаңы ыкманы кыргызстандык илимпоздор ойлоп тапкан. Аны менен жүрөк жетишсиздигин эки мүнөттө аныктаса болот. Буга телефон менен чакан медициналык аппарат жетиштүү. "Аппарат бейтапты текшерип, телефондогу жасалма интеллект аркылуу дарыгерге маалымат берет. Андан жүрөк жетишсиздиги бар-жогун билебиз", — деди Молдоташев. Ал мындай ыкма менен Кыргызстан калкынын саламаттыгын 6 айда текшерип койсо болорун, коюлган диагноздордун 85%ы туура чыгып жатканын кошумчалады.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар курулуштарга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мекеме бул демилге туристтик агымды көбөйтүп, кызмат сапатын жогорулатат деп эсептейт. Мындан улам көлдүн жээгине пирстерди, пирсттик мончо объектилерин, бар текчелерин жана коомдук дааратканаларды курууга уруксат берүү сунушталган. “Туристтердин көбү убактысын пляжда өткөрүүнү каалашат. Ошону эске алып аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде пирстерди, мончо комплекстерин, барларды жана коомдук дааратканаларды куруу зарыл. Инфраструктуранын бул элементтери туристтик кызматты жакшыртууга өбөлгө түзөт жана келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылат. Бул өз кезегинде туристтердин агымынын өсүшүнө түрткү берет жана канааттануусун жогорулатат”, — деп жазылган документтин негиздемесинде.
2024-жылы 1 223 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Түркия, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн келген. “Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарын алууга, ишке орношууга укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык, айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат”, — деп жазылган маалыматта. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыз келип, 65 миңи жарандык алган.
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы коомдук транспорттордо рейд жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөндүгүн аныктоодо. Кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн көбү жол кире акысын накталай беришкени менен талон албай коерун айтышкан. Ошондой эле накталай эмес төлөгөндөрдүн чектерин текшеришкен. Кызматкерлер жүргүнчүлөргө билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн экенин, Укук бузуулар кодекси боюнча 1000 сом айып пул салынарын эскертишкен. Кандайдыр бир себептер менен жол кире бербегендер да ушул суммада айыпка жыгылмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0