https://sputnik.kg/20250111/ayyl-charba-eksport-eaeb-1091353334.html
Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды
Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом... 11.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-11T17:56+0600
2025-01-11T17:56+0600
2025-01-12T10:53+0600
кыргызстан
айыл чарба
экспорт
еаэб
https://sputnik.kg/img/07e7/02/11/1072965679_935:735:3267:2047_1920x0_80_0_0_75d60d1c17db5b193b195983cf04ae93.jpg
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.Максаты — жазгы талаа иштери башталганда фермерлерди минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.Мындан улам Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат. Эгерде министрлер кабинети токтомду кабыл алса чектөө алты айга киргизилет.
https://sputnik.kg/20250107/kyrgyzstan-byltyr-benzindi-eaebden-rften-algan-1091278063.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/11/1072965679_1347:725:3110:2047_1920x0_80_0_0_951deebfa045e351425c17f2e6edcbaa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айыл чарба, экспорт, еаэб
кыргызстан, айыл чарба, экспорт, еаэб
Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды
17:56 11.01.2025 (Жаңыртылды: 10:53 12.01.2025) БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Максаты — жазгы талаа иштери башталганда фермерлерди минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
“Өлкөнүн минералдык жер семирткичке болгон муктаждыгы жылына 286,7 миң тоннаны түзөт. Өз өндүрүшүбүз жок болгондуктан Өзбекстандан 100 миң тонна алып келинет. Бул керектөөнүн 45-55 пайызын жабат. Акыркы жылдары жер семирткич Тажикстанга реэкспорт болуп, фермерлердин муктаждыктары жабылбай калууда”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат. Эгерде министрлер кабинети токтомду кабыл алса чектөө алты айга киргизилет.