Ташиев Испанияда кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна даярдыгын текшерди
Ташиев Испанияда кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна даярдыгын текшерди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Испанияда машыгып жаткан футболчулардын (U-20) Азия кубогуна даярдыгын көрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол... 10.01.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Испанияда машыгып жаткан футболчулардын (U-20) Азия кубогуна даярдыгын көрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, федерациянын президенти жаш футболчулар менен 9-январда жолугуп, алардын жолдоштук беттешин стадиондон көрдү.Анда 20 жашка чейинкилер арасындагы кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан соң Камчыбек Ташиев футболчулардын Азия кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи.Азия кубогу февралда Кытайда өтөт.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Испанияда машыгып жаткан футболчулардын (U-20) Азия кубогуна даярдыгын көрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, федерациянын президенти жаш футболчулар менен 9-январда жолугуп, алардын жолдоштук беттешин стадиондон көрдү.
Анда 20 жашка чейинкилер арасындагы кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан соң Камчыбек Ташиев футболчулардын Азия кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи.