00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаңы макам Жалал-Абад шаарына эмне берет? - чет өлкөлүк туристтерди эмнелер кызыктырат?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын саясаты кандай жүрөт? — Россия, Кытай, Борбор Азия менен мамилеси
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору уланат — эми техниканы лизингге алуу жеңил
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордная жара 2024 года: как меняется климат и к чему это может привести
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору уланат — эми техниканы лизингге алуу жеңил
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Профессор Ырысов остеохондрозду күчөтө турган себептерди атады

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, нейрохирургия кафедрасынын профессору Кеңешбек Ырысов. Архив
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, нейрохирургия кафедрасынын профессору Кеңешбек Ырысов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2025
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, нейрохирургия кафедрасынын профессору Кеңешбек Ырысов остеохондроз оорусу тууралуу айтты.
Остеохондроздун таасиринен улам омуртканын дисктери жүлүн каналын көздөй жылганда шишикке окшоп аны кыса баштайт. Бул абдан кооптуу экенин Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Професоор Ырысов остеохондрозду күчөтө турган себептерди атады
Анын айтымында, мындай учурда мануалдык терапия, укалоого барууга болбойт. Себеби ал остеохондрозду күчөтөт.
"Остеохондрозго бардык адам чалдыгат. Отуз жаштан өткөндөн кийин остеохондроз өрчүй баштайт. Ал омурткага күч келгенден пайда болот. Башкача айтканда, бул адамзатка тике басканы үчүн берилген жаза деп айтылат. Төрт аяктап баскан жаныбарларда остеохондроз болбойт. Ар бир адамдын оорусу ар түрдүү деңгээлде. Мисалы, кээ биринде остеохондроз оор синдромдор менен коштолуп, катаал формаларда өтөт. Ал эми айрымдарда анчалык билинбейт. Бул эми адамдын ички жашоо режиминен көз каранды. Активдүү жашагандарда остеохондроз сейрек кездешет. Ошол эле кезде жаш эле жигиттердин арасында оор жүк көтөрүп же курулуш тармагы өңдүү жумуштарда иштегендиктен өтүшүп кеткен остеохондроз көп кездешет. Анткени омурткалардын ортосундагы дисктер да иштен чыгып, эскирип бузула баштайт. Остеохондроз алардын амортизациялык касиетин жоготот. Дисктер шарик түрүндө эмес, жалпайып, жүлүн каналын көздөй жыла баштайт. Мындай миграция неврологдорго, нейрохирургдарга маселе жаратат. Анткени жүлүндү жана жүлүн тамырларын кыса баштайт. Айрымдар "белимдин грыжасы бар эле, буттарыма да берип, какшап ооруп, сезбей калды" деп даттанышат. Себеби остеохондроздон улам жалпайган дисктер бел омурткасынын тамырын кысып, ал аркылуу буттун тамырларына чейин кетет. Ошол себептен убагында неврологго кайрылып, дарылануу керек. Дары-дармек диск грыжасын жок кылып жибербейт, ал болгону ооруну басып, булчуңдардын жыйрылышын таркатат. Булчуң, тарамыш жыйрылган сайын оору күчөйт. Аны жумшартуу үчүн физиотерапия, ар кандай крем, маздарды жазып беришет. Ошолорду сүйкөп, укалоого барганда оору синдрому басаңдашы мүмкүн. Эки-үч курс катарынан дарыланып, ага болбосо операция кылуу жагы каралат. Оор көтөрбөй, жылуу-жумшак жүргөндө оору кайта баштайт. Ийне менен да дарылоого болот. Мануалдык терапияга барбаш керек. Ал грыжаны күчөтөт. Эңкейип жумуш кылуу да остеохондроздун оор симптомдорун камсыздайт", — деди Ырысов.
Ал керек болсо операция да баарына эле жардам бербей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0