https://sputnik.kg/20250109/karakol-turizm-ekonomika-reyting-1091312353.html
Америкалык журнал барууга сунушталган 25 жердин катарына Караколду кошту
Америкалык журнал барууга сунушталган 25 жердин катарына Караколду кошту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Америкалык Condé Nast Traveler журналынын версиясы боюнча, Каракол 2025-жылы барууга сунушталган 25 мыкты жердин катарына кирди. 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T12:11+0600
2025-01-09T12:11+0600
2025-01-09T12:11+0600
кыргызстан
каракол
туризм
экономика
рейтинг
лыжа
кышкы спорт
https://sputnik.kg/img/103734/06/1037340662_0:632:6016:4016_1920x0_80_0_0_b0a4b320af88dccfd3cbb40fa3230877.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Америкалык Condé Nast Traveler журналынын версиясы боюнча, Каракол 2025-жылы барууга сунушталган 25 мыкты жердин катарына кирди.Авторлор аны "Борбор Азиядагы эсте каларлык укмуш саякаттоонун борбору" деп аташкан.Ошондой эле аймакта 2025-жылы эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол туристтер үчүн дагы жеткиликтүү болгону, ал эми 2026-жылы ишке кире турган "Үч чоку" лыжа базасы кышкы спорт сүйүүчүлөр үчүн табылгыс мүмкүндүк экени белгиленген.
https://sputnik.kg/20241215/kyrgyzstan-turizm-achylysh-karakol-1090830204.html
каракол
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103734/06/1037340662_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_d27db0f3a4e415f7ba9e6bf8eab71e2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каракол, туризм, экономика, рейтинг, лыжа, кышкы спорт
кыргызстан, каракол, туризм, экономика, рейтинг, лыжа, кышкы спорт
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Америкалык
Condé Nast Traveler журналынын версиясы боюнча, Каракол 2025-жылы барууга сунушталган 25 мыкты жердин катарына кирди.
Авторлор аны "Борбор Азиядагы эсте каларлык укмуш саякаттоонун борбору" деп аташкан.
"Каракол — дүйнөдөгү эң мыкты туристтик багыт. Жаратылыштын кооздугу, маданий ар түрдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Шаарда ат минүү, кайыкта сүзүү жана параплан менен учуу сыяктуу көптөгөн кызыктар бар. Мындан тышкары, Каракол маданий мураска бай. Мисалы, 1907-жылы кытай чеберлери тарабынан "пагода" стилинде курулган дунган мечити, ашлям-фу тамагы жана кооз жыгач үйлөр саякатчыларды суктандырат", — деп белгилеген авторлор.
Ошондой эле аймакта 2025-жылы эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол туристтер үчүн дагы жеткиликтүү болгону, ал эми 2026-жылы ишке кире турган "Үч чоку" лыжа базасы кышкы спорт сүйүүчүлөр үчүн табылгыс мүмкүндүк экени белгиленген.
15 Бештин айы 2024, 13:12