https://sputnik.kg/20250109/bishkek-zhamalbek-yrsaliyev-avtobeket-1091310934.html
Мэрия Ош, Жалал-Абад, Баткен, Таласка жаңы автобекеттен гана кетүүгө чакырды
Мэрия Ош, Жалал-Абад, Баткен, Таласка жаңы автобекеттен гана кетүүгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы регион аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды. 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T11:02+0600
2025-01-09T11:02+0600
2025-01-09T11:02+0600
кыргызстан
бишкек
жамалбек ырсалиев
автобекет
жүргүнчү
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1f/1089878360_0:0:912:513_1920x0_80_0_0_36dd7a55a5177ececa2e1cc295839b7a.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы регион аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды.Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, бул айдоочулардын уктап эс алганын, наркологиядан өткөнүн текшерип, жалпы эле коопсуздукту камсыздоого багытталган.Эске салсак, мэрия Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Таласка кетчүлөргө убактылуу Батыш автобекетин уюштурган. Ал жаңы "Аккула" ипподрому курулуп жаткан жерге жакын жайгашкан. Станцияга №13, №40 автобустар жана №258 маршрутка каттайт.
https://sputnik.kg/20241024/bishkek-avtobus-zhany-avtobeketke-kattayt-1089715550.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1f/1089878360_114:0:798:513_1920x0_80_0_0_8893642fa72dd35f77c5efeb428b02c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жамалбек ырсалиев, автобекет, жүргүнчү
кыргызстан, бишкек, жамалбек ырсалиев, автобекет, жүргүнчү
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы регион аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, бул айдоочулардын уктап эс алганын, наркологиядан өткөнүн текшерип, жалпы эле коопсуздукту камсыздоого багытталган.
"Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы каттамдардын жүргүнчүлөрү, жолго "Аккула" ат майданынын жанында убактылуу уюштурулган жаңы автобекеттен чыксаңыздар. Учурда айрым айдоочулар күндүз келип, уктабастан эле түнү менен чыгып кетүүдө. Жол кырсыктары катталып, ар кандай кырдаалдарга кабылган учурлар бар. Ошолорду алдын алуу үчүн айдоочулар автобекеттен текшерилип, анан жолго чыгарылат. Ошондуктан Telegram, WhatsApp менен эле айдоочуга байланышып жолго чыгып жаткандарга кайрылам, жолго автобекеттен кетсеңиздер", — деди Ырсалиев.
Эске салсак, мэрия Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Таласка кетчүлөргө убактылуу Батыш автобекетин уюштурган. Ал жаңы "Аккула" ипподрому курулуп жаткан жерге жакын жайгашкан. Станцияга №13, №40 автобустар жана №258 маршрутка каттайт.
24 Тогуздун айы 2024, 14:08