00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Run the Silk Road - 2026: 3000 участников, Иссык-Куль и старт туристического сезона
08:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Илимий реформа жана Академиянын келечеги: каржылык автономиянын таасири — Канатбек Абдрахматов менен маек
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон против дорожных драчунов: что в нём не так - объясняет юрист
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаратылыштан жаралган мода: Keshteнин жаңы коллекциясы коомго сунулду
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров транспорт салыгын жоюп, аны төлөй электердин карызын кечкенин билдирди. Ал күйүүчү майдын литринен бир сомдон алына баштаганына байланыштуу транспорт салыгын толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун соцтармакка жазган. "Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алына баштады. 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да, баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик", — деди Жапаров. Мындан сырткары, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу мораторийи 2030-жылга чейин узартылып, ал дыйкандарга сугат суу маселеси чечилгенден кийин кайтарылары кошумчаланды. Президент элге кайрылып, салыктын маанилүүлүгүн да белгилеген. Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турарын жана күчтүү болорун айткан өлкө башчы салыктарды өз убагында төлөөгө чакырган.
Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды. Ага ылайык, республика боюнча 1 100 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 300ү Бишкекке, 100ү Ошко туура келет. Белгилей кетсек, былтыр 400 адамга гана квота берилген. Анын ичинен борбор калаадан 100, ал эми Оштон 30 бөлүнгөн.
Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15 батири мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, курулуш жүрүп жаткан жер учурунда жеке жактарга мыйзамсыз берилген."Ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Объект Ахунбаев менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 897 чарчы метр болгон 15 батир 89 миллион сомго бааланууда", — деп айтылат маалыматта. Курулуш иштери 2027-жылдын биринчи жарым жылында бүтөрү кошумчаланды.
Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда Раззаков — Ош унаа жолунун 330-чакырымында болгон. "Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы дөңгөлөгүн текшергени барганда ал жарылып кеткен. Киши башынан жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0