https://sputnik.kg/20250106/mektep-okuuchu-ospurum-tameki-miliciya-1091268729.html
Бишкекте өспүрүм окуучу балдарды катарга тизип урган. Милиция териштирди
Бишкекте өспүрүм окуучу балдарды катарга тизип урган. Милиция териштирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Соцтармакка өспүрүм бала окуучуларды катарга тизип бетке чапкан видео тарады. 06.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-06T13:31+0600
2025-01-06T13:31+0600
2025-01-06T13:37+0600
кыргызстан
мектеп
окуучу
өспүрүм
тамеки
милиция
https://sputnik.kg/img/07e4/09/01/1049489904_0:322:3067:2047_1920x0_80_0_0_b6ace782e1dc14ab0336036726785417.jpg
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Соцтармакка өспүрүм бала окуучуларды катарга тизип бетке чапкан видео тарады.Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм 9-класстын президенти А.Б. болгон. Ал 8-класстын балдары тамеки чегип жатканын көрүп “алдын алуу” иштерин жүргүзүү максатында бетке чапкан.Бул боюнча Бишкектеги Ленин РИИБине мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана балдардын ата-энелери чакыртылган. Анда А.Б. 8-класстын балдары тамеки чеккени үчүн ар биринин бетине чапканын моюндаган.Ошондой эле 8-класстын үч окуучусу суралып, алар аталган фактыны тастыкташып, бирок акча талап кылбаганын айтышкан. 8-класстын окуучуларынын ата-энелери А.Бга карата арыз жазуудан баш тартышкан. Өспүрүмдөрдүн баары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган.Окуя боюнча кошумча материалдар чогултулуп, балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүлдү. РИИБ анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар, анын ичинде Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) менен А.Бнын ата-энесине чара көрүлөрүн белгилешти.
https://sputnik.kg/20241231/kyrgyzstan-mektep-miyzam-sadyr-zhaparov-1091184731.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/01/1049489904_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_8882bd506ececafc3c7dcaa4b621ece2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, окуучу, өспүрүм, тамеки, милиция
кыргызстан, мектеп, окуучу, өспүрүм, тамеки, милиция
Бишкекте өспүрүм окуучу балдарды катарга тизип урган. Милиция териштирди
13:31 06.01.2025 (Жаңыртылды: 13:37 06.01.2025) БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Соцтармакка өспүрүм бала окуучуларды катарга тизип бетке чапкан видео тарады.
Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм 9-класстын президенти А.Б. болгон. Ал 8-класстын балдары тамеки чегип жатканын көрүп “алдын алуу” иштерин жүргүзүү максатында бетке чапкан.
Бул боюнча Бишкектеги Ленин РИИБине мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана балдардын ата-энелери чакыртылган. Анда А.Б. 8-класстын балдары тамеки чеккени үчүн ар биринин бетине чапканын моюндаган.
Ошондой эле 8-класстын үч окуучусу суралып, алар аталган фактыны тастыкташып, бирок акча талап кылбаганын айтышкан. 8-класстын окуучуларынын ата-энелери А.Бга карата арыз жазуудан баш тартышкан. Өспүрүмдөрдүн баары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган.
Окуя боюнча кошумча материалдар чогултулуп, балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүлдү. РИИБ анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар, анын ичинде Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) менен А.Бнын ата-энесине чара көрүлөрүн белгилешти.
31 Бештин айы 2024, 12:13