00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто ответит за травмы и нарушения безопасности на работе? Разбор нового закона «Об охране труда»
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что делать после получения наследства: советы юриста о регистрации прав
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как превратить библиотеку в место притяжения подростков - опыт Русского дома в Бишкеке
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда “Кылым банк” аттуу мамлекеттик банк түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда жазылган. Документте банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору жазылган. 2027-жылга чейин сумманы 5 миллиард сомго жеткирүү каралган. “Кылым банк” эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүргүзөт. Банк республиканын аймагында борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана номерлөөчү агенттин функциясын аткарат. Буга чейин мамлекеттик "Элдик банк", "Айыл банк" жана "Керемет банк" банктары бар болчу. Жалпыга маалымдоо каражаттары жаңы банктын акциясынын 75 пайызын люксембургдук компания сатып алганын жазышууда.
Кыргыз-кытай чек арасында 187 метрлик достук көпүрөсү салынат. Бул тууралуу "Кыргызстандын министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда айтылат. Документте Алай районундагы Эркеч-Там чек ара пунктундагы объектини кытай тарап курары жазылган. Көпүрө колдонууга берилгенден кийин анын жарымы Кыргызстанга өтөт. Көпүрөнүн эки тарабында: Кытайдын аймагында 1,9 чакырым, Кыргызстандын аймагында 1,5 чакырым узундукта төрт тилкелүү магистраль салынмакчы. Жолдун туурасы 24,5 метрди түзөт.Бийлик бул долбоор Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн зарыл экенин билдирди.
Жашы жете электерге никеге турууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурда жергиликтүү бийлик “жүйөлүү себептери” барларга 17 жаштан үй-бүлө курууга уруксат бере алат. Эмгек министрлиги мына ошол норманы алып салууну сунуштоодо. Мындан тышкары, мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөргө тагыраагы нике күбөлүгү жокторго нике кыйгандарга 10 миң сом айып салуу каралып жатат. Ошондой эле жубайлардын бири үч жылдан ашык мөөнөткө соттолсо, никени бузуу шартын жокко чыгаруу сунушталды. Бул норма конституциялык эмес деп табылган.
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 8-11-январь күндөрү грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышары айтылды. Мелдештер 8-январда саат 11:00дө башталмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0