00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жашы жете электерге никеге турууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурда жергиликтүү бийлик “жүйөлүү себептери” барларга 17 жаштан үй-бүлө курууга уруксат бере алат. Эмгек министрлиги мына ошол норманы алып салууну сунуштоодо. Мындан тышкары, мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөргө нике кыйгандары учун 10 миң сом айып салуу каралып жатат. Ошондой эле жубайлардын бири үч жылдан ашык мөөнөткө соттолсо, никени бузуу шартын жокко чыгаруу сунушталды. Бул норма конституциялык эмес деп табылган.
Ош шаарындагы Навои көчөсүндө иштеп жаткан борбордук базар 20-январдан тарта жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.Шаар бийлиги соодагерлерди жана тургундарды Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга барууну өтүндү. "20-январдан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат", — деп билдирди мэрия. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу каралууда. Ага чейин курулуштар жана соода түйүндөр көчүрүлүп, жер тазаланып, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөрү айтылды.
10-январга чейин “Парковка” аталышындагы рейд жүрөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган профилактикалык иш-чараны Патрулдук милиция өткөрүүдө. Максаты — жолдордо тартип орнотуу, айдоочулук маданиятты жогорулатуу, жол кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу. Патрулдук милиция туура эмес токтотулган унаалар жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп, аларга көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.
Кызыл-Кыядагы мечитке ымыркайды таштап кетишкенин Баткен облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, молдо мечитке эртең менен азан чакырганы барганда ак шейшепке оролгон эркек баланы таап алган. Фактыны Кызыл-Кыя ШИИБи каттоого алып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бөбөк шаардык ооруканага жеткирилип, медиктердин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.
Бишкекте 8-январдан 11-январга чейин Спорт Ордосунда грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Маалыматка ылайык, 8-9-январь — грек-рим күрөшү, 10—11-январда — эркин күрөш уюштурулат.
Россиялык аскерлер украиндерден каршылык көрбөй эле калктуу конуштарды бошотуп жатат. Бул тууралуу украиналык "Цензор.нет" басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов жазганын РИА Новости билдирди. Анда Россия армиясы көчө салгылашууларына аралашпай, ийгиликтүү алдыга жылып жатканы белгиленди. "2024-жылы бир катар калктуу конуштарды дээрлик каршылыксыз ээлеп алышты”, — деп нааразы болгон журналист. Бутусов муну Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу чийиндеринин жоктугу жана россиялык күчтөрдүн жаңы тактикасы менен түшүндүрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0