https://sputnik.kg/20250101/ehlektronduk-kyzmattar-ehldin-ubaktysyn-akchasyn-unomdop-zhatat-1091206587.html
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө
Sputnik Кыргызстан
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова 2024-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жарандар 14 миллион маалым кат... 01.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-01T17:08+0600
2025-01-01T17:08+0600
2025-01-01T17:08+0600
радио
кыргызстан
санарип
сабаттуулук
электрондук кызмат
рахат жусумамбетова
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091206687_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_36bff301eba06ffba196021f44ce8e88.jpg
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө
Sputnik Кыргызстан
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө
Санариптештирүү саамалыгы элдин жашоосун жеңилдетүүгө эбегейсиз салым кошууда. Бул тууралуу Рахат Жусумамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде https://sputnik.kg/Radio/ маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, быйыл жарандар электрондук кызматтарды колдонуп, жолдо жүрүп, кезекке турбай 19 миллион саат убактысын үнөмдөгөн.Ошондой эле ал жарандар дагы документтерин текшерип, катачылыктарды кабарлап санариптешүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091206687_140:0:2869:2047_1920x0_80_0_0_874cf964ba9e94537926350420a52bc1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, санарип, сабаттуулук, электрондук кызмат, рахат жусумамбетова, аудио
кыргызстан, санарип, сабаттуулук, электрондук кызмат, рахат жусумамбетова, аудио
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова 2024-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жарандар 14 миллион маалым кат алганын айтты.
Санариптештирүү саамалыгы элдин жашоосун жеңилдетүүгө эбегейсиз салым кошууда. Бул тууралуу Рахат Жусумамбетова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде https://sputnik.kg/Radio/ маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарандар электрондук кызматтарды колдонуп, жолдо жүрүп, кезекке турбай 19 миллион саат убактысын үнөмдөгөн.
"Санариптик өнүктүрүү министрлиги быйыл көптөгөн орчундуу долбоорлорду ишке ашырды. Арасынан Tunduk тиркемесине токтолгум келип турат. Тиркеменин ичине элге керектүү көптөгөн мамлекеттик кызматтар ишке кирди. Быйыл эле Tunduk тиркемесинин алкагында 3 миллиарддан ашуун маалымат алмашуу жүрдү. Бул 3 миллиард кагаз документти жана жарандардын мамлекеттик органдардын ортосунда кагаз ташып, кезекте туруп корото турган убактысын үнөмдөгөн. Ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын дагы белгилегим келип турат. Аталган портал аркылуу жарандар 2024-жылы 14 миллионго жакын маалым каттарды алышкан. Биз атайын формула даярдап, ишке киргизгенбиз. Анын көрсөткүчтөрүнө таянсак, жарандар электрондук кызматтарды колдонуп жыл башынан бери 19 миллион саат убактысын жана бир миллиард сомун үнөмдөгөн", — деди Жусумамбетова.
Ошондой эле ал жарандар дагы документтерин текшерип, катачылыктарды кабарлап санариптешүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.