https://sputnik.kg/20241231/kyrgyzstanda-sporttuk-menedzhment-zhanydangana-kalyptana-bashtady-1091188287.html
Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады
Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады
Sputnik Кыргызстан
Спорттук журналист, промоутер Нурсултан Турусбеков Кыргызстанда биринчи жолу ABL AlaToo Boxing League бокс боюнча кесипкөйлөр арасында спорттук уюм ачылып... 31.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-31T19:40+0600
2024-12-31T19:40+0600
2024-12-31T19:40+0600
радио
кыргызстан
спорт
менеджмент
бокс
мма
нурсултан турусбеков
промоутер
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091188482_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_305d8490333c426f3575f3ac8cfe17ff.jpg
Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады
Өлкөдө спорттук менеджмент жаңыдан гана калыптана баштады. Промоутердик компаниялардын деңгээлин көтөрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Бул тууралуу Нурсултан Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, спорттук бизнес багыты республикада дың жер бойдон турат.Ошондой эле ал өлкөдө спорттук уюмдарга демөөрчүлүк кылууга, продуктунун маркетинги, медиага байланышкан иштерге маани берилиши керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091188482_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_a25e640a67fe67b348f2e3a3aa9604dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, менеджмент, бокс, мма, нурсултан турусбеков, аудио, промоутер
кыргызстан, спорт, менеджмент, бокс, мма, нурсултан турусбеков, аудио, промоутер
Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады
Спорттук журналист, промоутер Нурсултан Турусбеков Кыргызстанда биринчи жолу ABL AlaToo Boxing League бокс боюнча кесипкөйлөр арасында спорттук уюм ачылып иштеп баштаганын айтты.
Өлкөдө спорттук менеджмент жаңыдан гана калыптана баштады. Промоутердик компаниялардын деңгээлин көтөрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Бул тууралуу Нурсултан Турусбеков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спорттук бизнес багыты республикада дың жер бойдон турат.
"Спорттук мелдештерди уюштурууну 2020-жылы активдүү баштадым. Алгач ММА боюнча турнирлерде матчмейкер катары өзүмдү сынап көрдүм. Негизи спорттук бизнес багыты бизде дың бойдон тургандай. Анткени өлкөдө спорттук менеджмент жаңыдан гана калыптана баштады. Албетте, буга чейин мындай кадамдар болуп келген, бирок эл аралык аренага чыгып, сапаттуу кызмат көрсөтүү жагынан аксап жатабыз. Промоутердик компаниялардын деңгээлин көтөрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Мисалы, Казакстанда спорттук уюмдардын деңгээли бизден кыйла жогору. Ушундай факторлорду эске алып, жакында Кыргызстанда биринчи жолу ABL AlaToo Boxing League бокс боюнча кесипкөйлөр арасында спорттук уюм ачып, алгачкы турнирди уюштурдук. Кемчиликтер болду, эми аларды жоюунун аракетин көрөбүз", — деди Турусбеков.
Ошондой эле ал өлкөдө спорттук уюмдарга демөөрчүлүк кылууга, продуктунун маркетинги, медиага байланышкан иштерге маани берилиши керектигин кошумчалады.