https://sputnik.kg/20241230/dujnoluk-avto-ondurush-1091158520.html
Мамытов: автоөндүрүш — мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү
Мамытов: автоөндүрүш — мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов дүйнөлүк автоөндүрүш тарыхына токтолду. 30.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-30T10:24+0600
2024-12-30T10:24+0600
2024-12-30T10:24+0600
радио
дүйнөлүк рынок
кыргызстан
улукман мамытов
өндүрүш
авто
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1c/1078982044_0:126:3067:1851_1920x0_80_0_0_c14b26c51c3b32a30af4c9def63826bf.jpg
Автомобиль өндүрүп баштаган өлкөдө экономика өсүп жатат деп айтса болот. Бул чындыгында эле ошол мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү болуп саналат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Кыргызстандын автомобиль чогултууга белсенгени — экономикалык секирик.Ал автомобиль өндүрүшү аскердик техника, учак өндүрүүдөн кийинки эле олуттуу, стратегиялык мааниси чоң тармак экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1c/1078982044_129:0:2858:2047_1920x0_80_0_0_bb19af91583cbb189e80c5b66a145515.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөлүк рынок, кыргызстан, улукман мамытов, өндүрүш, авто
дүйнөлүк рынок, кыргызстан, улукман мамытов, өндүрүш, авто
Мамытов: автоөндүрүш — мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов дүйнөлүк автоөндүрүш тарыхына токтолду.
Автомобиль өндүрүп баштаган өлкөдө экономика өсүп жатат деп айтса болот. Бул чындыгында эле ошол мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү болуп саналат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын автомобиль чогултууга белсенгени — экономикалык секирик.
"Автомобиль өндүрүп баштаган өлкөнү чынында эле экономикасы өсүп жатыптыр деп бааласак болот. Бул ушундай көрсөткүч. Өндүрбөсө да, чогултуп жатышы деле ушуга барабар. Анткени бир эле автоунааны чыгарыш үчүн 10 миңдеген тетик керектелет. Аларды жасоодо жок дегенде 100 завод зарыл. Ошондуктан автоунаа чыгарууда чоң ийгиликтерге жетишкен айрым өлкөлөр деле авточогултуу менен чектелишет. Азыркы учурда дүйнөлүк автоөндүрүү боюнча Кытай алдыда. Мындан 25 жыл мурда дүйнөлүк авторыноктун 1 пайызын гана жапкан, кытайлык автоунаалар учурда 39 пайызын камсыздап жатат", — деди Мамытов.
Ал автомобиль өндүрүшү аскердик техника, учак өндүрүүдөн кийинки эле олуттуу, стратегиялык мааниси чоң тармак экенин кошумчалады.