https://sputnik.kg/20241230/bala-bakchanyn-baaryna-kamera-ornotulat-1091168361.html
2025-жылдын аягына чейин өлкөдөгү бала бакчанын баарына камера орнотулат
2025-жылдын аягына чейин өлкөдөгү бала бакчанын баарына камера орнотулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын билим берүү министринин орун... 30.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-30T14:15+0600
2024-12-30T14:15+0600
2024-12-30T14:54+0600
кыргызстан
бала бакча
билим берүү жана илим министрлиги
надира жусупбекова
камера
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/08/1050709010_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_b22604327ffff9d0d050faf03e83badb.jpg
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, камералар ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташат.Эскерте кетсек, бала бакчаларга камера коюу маселеси Сузакта тарбиячылардын бакчадагы балдарды урганы коомчулукка билингенден кийин көтөрүлгөн. Декабрдын башында министрлик камера орнотулган бала бакчалардын эсеп-чотун алып, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым болгон.
https://sputnik.kg/20241225/bishkek-ysh-bakcha-eshikke-chygarboo-sunush-1091058099.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/08/1050709010_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_c1bb66bfded117932f35b922be6bef78.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бала бакча, билим берүү жана илим министрлиги, надира жусупбекова, камера
кыргызстан, бала бакча, билим берүү жана илим министрлиги, надира жусупбекова, камера
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, камералар ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташат.
"Азыр өлкө боюнча бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон. Калган 37 пайызына 2025-жылдын аягына чейин толугу менен коюлат. Видеокөзөмөл орнотуп коюп эле отуруп калбастан, ИИМ менен сүйлөшүп, видеокамераларды "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграциялайбыз", — деди Жусупбекова.
Эскерте кетсек, бала бакчаларга камера коюу маселеси Сузакта тарбиячылардын бакчадагы балдарды урганы коомчулукка билингенден кийин
көтөрүлгөн.
Декабрдын башында министрлик камера орнотулган бала бакчалардын эсеп-чотун алып, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү
маалым болгон.
25 Бештин айы 2024, 13:09