ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы боюнча 17 документке кол коюлду
21:17 26.12.2024 (Жаңыртылды: 11:04 27.12.2024)
© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы боюнча 17 документке кол коюлду
© Sputnik / Алексей Даничев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өттү.
Анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери бир катар документтерге кол коюшту:
ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бирдиктүү бажы транзити системасын түзүү;
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2018-жылдын 6-декабрындагы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин № 23 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2025-жылга карата Евразия экономикалык биримдигинин бюджетин бекитүү тууралуу чечим;
айыл чарбаны мамлекеттик колдоого алуу жаатындагы Беларустун милдеттерин аныктоо;
Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары;
Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишиминин күчүнө кириши тууралуу;
Иранга Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу мамлекет статусун берүү;
Евразия экономикалык биримдигинин жалпы энергетика рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралар планы;
ЕАЭБдин сотуна кайрылуу үчүн ишкерлик субъектилери төлөй турган бажы суммасын бекитүү;
2023-жылы ЕАЭБ органдарында тышкы аудит (көзөмөл) жүргүзүүнүн жыйынтыктары;
2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин бюджетинин аткарылгандыгы жөнүндө отчет;
ЕАЭБге 10 жыл толушуна карата медаль менен сыйлоо чечими;
Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу чечими;
ЕАЭБ алкагында кызматтардын бирдиктүү рыногунун иштеши жөнүндө буйрук;
ЕАЭБ алкагында кызматтардын айрым секторлорунда либерализация пландарын ишке ашыруу;
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйынын өткөрүүнүн убактысын жана жерин аныктоо.
2025-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өтөт.