https://sputnik.kg/20241226/kursk-ukraina-kuralduu-kuch-kiyroo-1091082943.html
Батышта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск аймагында кыйроого учураганы айтылды
Батышта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск аймагында кыйроого учураганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Украин армиясы Курск аймагында жеңилүүгө дуушар болуп жатканын британ аскердик талдоочусу Александр Меркурис өзүнүн видеоблогунда... 26.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-26T11:20+0600
2024-12-26T11:20+0600
2024-12-26T11:21+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
россия
украина
курск
дүйнөдө
куралдуу күчтөр
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091083049_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_4ba0eb2ef9c56fa0f80a2ccd403f5e0b.jpg
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Украин армиясы Курск аймагында жеңилүүгө дуушар болуп жатканын британ аскердик талдоочусу Александр Меркурис өзүнүн видеоблогунда билдирди.Меркурис аталган аймактагы Украинанын жоокерлери Суджа үчүн мүмкүн болгон салгылашууларга даярданып жатып моралдык жактан чарчаганын белгиледи. Серепчи Украинанын эң мыкты аскер бөлүктөрү курчоодо калышы мүмкүн экенин да эскертти."Бул позициялар үчүн мынчалык катуу күрөшүүнүн кереги барбы? Бул суроого Украинанын Башкы штабы, Зеленский, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сырский жооп бериши керек. Жеке мен мындан эч кандай пайда көрбөй турам", — деди Меркурис.Шаршемби күнү эртең менен Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 14 бригадасы соңку 24 саатта Курск облусундагы 12 калктуу конуштун аймактарында талкаланганын билдирген. Мындан тышкары, "Түндүк" тобунун аскерлери душмандын жети контрчабуулунун мизин кайтарган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Украина армиясынын аймактагы жоготуулары бир суткада 230дан ашык аскер кызматкерин, эки танканы, эки сооттолгон транспорттук техниканы жана үч автоунааны түздү. Украинанын Куралдуу күчтөрү аталган аймакта жалпы жонунан 43 740 аскерин жоготкон.
https://sputnik.kg/20241219/putin-kursk-bagytyndagy-kyrdaal-tuuraluu-aytty-1090940828.html
украина
курск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091083049_256:0:2987:2048_1920x0_80_0_0_79fe88f7eb7478ae4b58a85961435f19.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, украина, курск, дүйнөдө, куралдуу күчтөр
россия, украина, курск, дүйнөдө, куралдуу күчтөр
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Украин армиясы Курск аймагында жеңилүүгө дуушар болуп жатканын британ аскердик талдоочусу Александр Меркурис өзүнүн
видеоблогунда билдирди.
"Украиндер Суджа аймагындагы Курск жээгинде кыйроочу абалга кептелгени сезилүүдө. Абал өтө оор", — деди ал.
Меркурис аталган аймактагы Украинанын жоокерлери Суджа үчүн мүмкүн болгон салгылашууларга даярданып жатып моралдык жактан чарчаганын белгиледи. Серепчи Украинанын эң мыкты аскер бөлүктөрү курчоодо калышы мүмкүн экенин да эскертти.
"Бул позициялар үчүн мынчалык катуу күрөшүүнүн кереги барбы? Бул суроого Украинанын Башкы штабы, Зеленский, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сырский жооп бериши керек. Жеке мен мындан эч кандай пайда көрбөй турам", — деди Меркурис.
Шаршемби күнү эртең менен Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 14 бригадасы соңку 24 саатта Курск облусундагы 12 калктуу конуштун аймактарында талкаланганын билдирген. Мындан тышкары, "Түндүк" тобунун аскерлери душмандын жети контрчабуулунун мизин кайтарган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Украина армиясынын аймактагы жоготуулары бир суткада 230дан ашык аскер кызматкерин, эки танканы, эки сооттолгон транспорттук техниканы жана үч автоунааны түздү. Украинанын Куралдуу күчтөрү аталган аймакта жалпы жонунан 43 740 аскерин жоготкон.