https://sputnik.kg/20241226/fosterdik-uy-bulodo-226-bala-tarbiyalanuuda-1091081987.html
Тодогелдиев: фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда
Тодогелдиев: фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын... 26.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-26T10:51+0600
2024-12-26T10:51+0600
2024-12-26T10:51+0600
радио
фостердик үй-бүлө
ата-эне
бала
сертификат
бакыт тодогелдиев
кыргызстан
асырап алуу
эмгек акы
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0e/1083419005_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_ff6bdae605e6d275fef466d61f17fffe.jpg
Тодогелдиев: фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда
Sputnik Кыргызстан
Тодогелдиев: фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда
Өлкөдө азыркы тапта 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, кооптуу жагдайдагы үй-бүлөлөрдөн алынган жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.Ал фостердик үй-бүлө болууну каалаган ата-энелердин көбү эмгек акысына кызыгышарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0e/1083419005_294:0:3023:2047_1920x0_80_0_0_a5028480216d1473d6fc768504a21c24.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
фостердик үй-бүлө, ата-эне, бала, сертификат, бакыт тодогелдиев, кыргызстан, асырап алуу, эмгек акы, аудио
фостердик үй-бүлө, ата-эне, бала, сертификат, бакыт тодогелдиев, кыргызстан, асырап алуу, эмгек акы, аудио
Тодогелдиев: фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев фостердик үй-бүлө болууну каалагандар атайын окуудан өтөрүн айтты.
Өлкөдө азыркы тапта 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, кооптуу жагдайдагы үй-бүлөлөрдөн алынган жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.
"Баланы 18 жашка чейин камкордугунда чоңойтуу, тарбиялоо — ата-эненин милдети. Кандайдыр бир себептерден улам ата-энесинин көзөмөлүсүз кала турган болсо тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Мисалы, камкорчуга же фостердик үй-бүлөгө берилет. Аларда мүмкүнчүлүк болбогон учурда интернатка өткөрүлөт. Эгерде фостердик үй-бүлө ачкандардын өздөрүнүн эки баласы болсо үчөөнү, ал эми балдары жок ата-энелер беш балага чейин асырап алышат. Кызматы үчүн өкмөт ай сайын эмгек акы төлөп берет. Мындан тышкары, ар бир балага жөлөк пул берилет. Жубайлар окуудан өтүп, сертификат алышат. Окууну ийгиликтүү аяктаган жарандар багып алуучу ата-эне болууга талапкер болушат. 2014-жылдан бери сертификат алган 1000ден ашык фостердик үй-бүлө бар. Бирок бүгүнкү күндө 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Анткени багып алуучулар сертификат алгандан кийин көп себептерден улам иштебей калышы мүмкүн", — деди Тодогелдиев.
Ал фостердик үй-бүлө болууну каалаган ата-энелердин көбү эмгек акысына кызыгышарын кошумчалады.