https://sputnik.kg/20241225/akshnyn-okulu-tramptyn-ukraina-boyuncha-plandaryn-ajtty-1091054805.html
АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Трамптын пландары тууралуу айтты
АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Трамптын пландары тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин ортосундагы түзүлчү келишимдер бекем, туруктуу болушун каалап... 25.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-25T10:13+0600
2024-12-25T10:13+0600
2024-12-25T10:13+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
акш
атайын операция
дональд трамп
өкүл
тынчтык
согуш
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/19/1091054336_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_1b97d401b383be0aaa2e9b52c49bc367.jpg
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин ортосундагы түзүлчү келишимдер бекем, туруктуу болушун каалап, Минск макулдашууларынын тагдыры кайталанбашына аракет көрөт. Бул тууралуу АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Кит Келлог Fox Business телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.Анын айтымында, Трамп АКШнын союздаштары менен алаканын маанилүүлүгүн түшүнгөндөй эле Владимир Путин менен мамиле түзүүнүн маанисин да жакшы билет. Келлог президент кырдаалды кыска убакытта жөнгө сала аларын белгилеген.Эскерте кетсек, буга чейин Россия лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйында АКШнын жаңы шайланган президенти менен жолугуп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, эки президенттин ортосунда сүйлөшүлө турган сөз жетиштүү.Трамп шайлоо өнөктүгүндө украин кризисин инаугурацияга чейин бир күндө чечип кое аларын бир нече ирет билдирген.Ал эми июнь айында Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын берген: эгер Киев бийлиги НАТОго кошулуудан баш тартканын расмий жарыяласа, Москва ошол замат ок атууну токтотмок.2022-жылы атайын операция башталгандан кийин Россия Украина менен Беларуста жана Түркияда сүйлөшүү жүргүзгөн. Путиндин айтымында, дипломатиялык консультациялар аяктап, россиялык аскерлер Киевден чыгарылгандан кийин Украина бардык макулдашууну бузуп, Зеленский Москва менен сүйлөшүүлөргө тыюу салган. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айтымында, ал сүйлөшүүлөрдө Украинанын коопсуздук кепилдиги кыйла олуттуу болчу. Анда НАТО уставынын жамааттык коргонуу боюнча бешинчи беренеси дээрлик толук камтылган, бирок Киев акыркы мүнөттөрдө аны "өзгөртүп" жиберген.
https://sputnik.kg/20241223/slovakiya-deputatynyn-fitsonun-moskvaga-sapary-tuuraluu-aytkany-1091020097.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/19/1091054336_262:0:2993:2048_1920x0_80_0_0_1b213f68c0fe4719a415dded72c8c03a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, дональд трамп, өкүл, тынчтык, согуш, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, дональд трамп, өкүл, тынчтык, согуш, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин ортосундагы түзүлчү келишимдер бекем, туруктуу болушун каалап, Минск макулдашууларынын тагдыры кайталанбашына аракет көрөт. Бул тууралуу АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Кит Келлог Fox Business телеканалына маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Президенттин (Трамп — ред.) максаты так: адам өлүмүн токтотуп, тынчтык орнотуу. Бул улуттук коопсуздук жаатындагы биринчи кезекте артыкчылык бериле турган маселе. Бирок ал тынчтыктын адилеттүү жана туруктуу болушун каалайт. Россия менен Украинаны эпке келтирет деген буга чейинки процесстерди көргөнбүз, тагдырын да билебиз. Президенттин жолу башка болот", — деген Келлог.
Анын айтымында, Трамп АКШнын союздаштары менен алаканын маанилүүлүгүн түшүнгөндөй эле Владимир Путин менен мамиле түзүүнүн маанисин да жакшы билет. Келлог президент кырдаалды кыска убакытта жөнгө сала аларын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин Россия лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйында АКШнын жаңы шайланган президенти менен жолугуп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, эки президенттин ортосунда сүйлөшүлө турган сөз жетиштүү.
Трамп шайлоо өнөктүгүндө украин кризисин инаугурацияга чейин бир күндө чечип кое аларын бир нече ирет билдирген.
Ал эми июнь айында Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын берген: эгер Киев бийлиги НАТОго кошулуудан баш тартканын расмий жарыяласа, Москва ошол замат ок атууну токтотмок.
2022-жылы атайын операция башталгандан кийин Россия Украина менен Беларуста жана Түркияда сүйлөшүү жүргүзгөн. Путиндин айтымында, дипломатиялык консультациялар аяктап, россиялык аскерлер Киевден чыгарылгандан кийин Украина бардык макулдашууну бузуп, Зеленский Москва менен сүйлөшүүлөргө тыюу салган. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айтымында, ал сүйлөшүүлөрдө Украинанын коопсуздук кепилдиги кыйла олуттуу болчу. Анда НАТО уставынын жамааттык коргонуу боюнча бешинчи беренеси дээрлик толук камтылган, бирок Киев акыркы мүнөттөрдө аны "өзгөртүп" жиберген.
23 Бештин айы 2024, 16:09