https://sputnik.kg/20241223/sadyr-zhaparov-energetika-eksport-1091018331.html
Кыргызстан үч өлкөгө электр энергиясын экспорттоого даярданууда
Кыргызстан үч өлкөгө электр энергиясын экспорттоого даярданууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга, Афганстанга, Пакистанга электр энергиясын экспорттоого даярданууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T14:22+0600
2024-12-23T14:22+0600
2024-12-23T14:34+0600
кыргызстан
садыр жапаров
энергетика
экспорт
кытай
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091018733_0:0:3051:1717_1920x0_80_0_0_02ee0590a3f4eb4ee63fd12d7110d34f.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга, Афганстанга, Пакистанга электр энергиясын экспорттоого даярданууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.Өлкө башчы өз сөзүндө энергетика тармагында жасалып жаткан иштерди тизмектеп, күтүлүп жаткан пландар боюнча кеңири айтып берди.Ошондой эле өлкө башчы инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Анда преференциялар жана салыктык жеңилдиктер, ошондой эле каржылык кепилдик жана электр энергиясынын баасын чет өлкөлүк валютада аныктоо мүмкүнчүлүгү каралганы белгиленди.Эске салсак, CASA-1000 Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирет. Бул электр энергиясын сатууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз аймагындагы иштерди дээрлик соңуна чыгарганы кабарланган.
https://sputnik.kg/20241219/taalaybek-ibrayev-energetika-suu-1090947728.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091018733_194:0:2925:2048_1920x0_80_0_0_cc68180ff7e36e68410c82fac2873f55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, энергетика, экспорт, кытай
кыргызстан, садыр жапаров, энергетика, экспорт, кытай
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга, Афганстанга, Пакистанга электр энергиясын экспорттоого даярданууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө энергетика тармагында жасалып жаткан иштерди тизмектеп, күтүлүп жаткан пландар боюнча кеңири айтып берди.
"Өлкөбүздүн энергетикалык инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында "CASA —1000" долбоорунун алкагында Афганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча көмөк чордондор жана линиялар курулуп бүттү. Ушу тапта "Тамга-Каракол" жана "Кемин-Торугарт" долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат", — деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчы инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Анда преференциялар жана салыктык жеңилдиктер, ошондой эле каржылык кепилдик жана электр энергиясынын баасын чет өлкөлүк валютада аныктоо мүмкүнчүлүгү каралганы белгиленди.
Эске салсак, CASA-1000 Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирет. Бул электр энергиясын сатууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз аймагындагы иштерди дээрлик
соңуна чыгарганы кабарланган.