https://sputnik.kg/20241223/-sadyr-zhaparov-ettn-salyk-1091024875.html
Президент ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды
Президент ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T20:00+0600
2024-12-23T20:00+0600
2024-12-23T20:00+0600
кыргызстан
садыр жапаров
салык
тапшырма
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090570149_0:131:3070:1859_1920x0_80_0_0_caf6128e94bcaf7dc147e1be9e9e2493.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Ага ылайык, мындай тапшырма министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго берилген.Аскат Алагөзов белгилегендей, мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча толук маалымат бар.Садыр Жапаров фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардан башкасына ЭТТНди алып салуу керектигин айтты. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЭТТН жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөштүрүлөрүн билдирген.
https://sputnik.kg/20241223/almambet-shykmamatov-ettn-ekonomika-1091020294.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090570149_341:0:3070:2047_1920x0_80_0_0_d30cdeafb0c1d500db8f6628844dbc48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, салык, тапшырма
кыргызстан, садыр жапаров, салык, тапшырма
Президент ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ага ылайык, мындай тапшырма министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго берилген.
Аскат Алагөзов белгилегендей, мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча толук маалымат бар.
Садыр Жапаров фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардан башкасына ЭТТНди
алып салуу керектигин айтты. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЭТТН жоюлбай турганын, бирок
жөнөкөйлөштүрүлөрүн билдирген.