00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Спортбокс
Кёрлинг боюнча курама команда биринчи жолу Азия оюндарына катышат
17:33
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Смог в Бишкеке, галстук мэра, штрафы по СМС и спасение животных
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Украина боюнча экинчи ирет жаңылыштыкка жол бербейт. Сереп

© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскерлери. Архивдик сүрөт
Россиянын аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2024
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин жеткиликтүүлүк, ачыктык, түз айткандык жана туруктуулук жагынан толугу менен уникалдуу көрүнүштү түзөт. Муну мамлекет башчынын кечээки түз байланышы далилдеди, эфирди Россиянын бардык аймактарын жана Киевдин алдындагы бетондолгон бункердегилерди кошкондо дүйнө жүзү көрдү.
Колумнист Кирилл Стрельников аталган маалымат жыйындан кийин президенттин пикирине, атайын операция жана андагы айтылгандарга сереп салган.
Путиндин башка дүйнөлүк лидерлерден айырмасы — өзүнүн катасын эл алдында мойнуна алууга жана жоопкерчилик тартууга даяр экендиги.
Түз байланыш учурунда президентке эгерде 2022-жылдын февралына кайра кайтып барса, кайсы кадамдарын башкача таштамактыгын сурашты. Путин атайын операцияны баштоо чечимин алда канча эрте кабыл алмактыгын жана ага мурдатан тыкыр даярдык көрмөктүгүн айтып жооп берди.
Зирек көрөрман президенттин "атайын операция учурунда аз тамашалап, дээрлик күлбөй калдым" дегенине көңүл бурат. Айласыз жасалган аракет үчүн жаны кейиген, жүрөгү ооруган адамды көрөбүз. Бир тууган эки элдин каны төгүлбөсө экен деп жан үрөп, бирок анын гумандуулугу, адамдарга болгон сүйүүсү каршы жак менен анын кожоюндары тарабынан азыркыдай болуп кыянатчылыкка, чыккынчылыкка тушукканын көрөбүз.
Көптөрдүн эсинде бар чыгар, Киев бийлиги тарабынан аймактагы орус тилдүүлөргө каршы жарыяланган, жок кылабыз деген согуштун фонунда 2014-2015-жылдары Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу Минск келишимине кол коюлган. Ага Украинанын, Донбасстын жана ЕККУнун өкүлдөрү кирген эле. Документке Путин жана Украина, Франция менен Германиянын ошол кездеги лидерлери Петр Порошенко, Франсуа Олланд жана канцлер Ангела Меркель кол койгон.
Минск келишими жаңжалдашкан тараптарды ок атууну токтотууга, буфердик аймакта оор курал-жарак жайгаштыруудан баш тартууга, ошондой эле туткундардын баарын айырбаштоого милдеттендирген. Украина Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарына өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам кабыл алып, Донбасстын жашоочуларынын пикирин эске алуу менен ал жерлерде шайлоо өткөрүү милдетин алган. Мезгил өтө берди, бирок милдеттенме алган тарап кураторлорунун "колдоосу" менен макулдашууда белгиленгендерди аткарган жок.
Быйылкы жылдын февралында Путин Россия Украинадагы атайын операцияны эмнеге мурдараак баштабагандыгын айтып берген. Өлкө Минск макулдашуусунда сүйлөшүлгөн бардык келишимдер аткарылат деген ишенимде болгонун, "өнөктөштөр сөзүнө турат, жетишилген келишимдерди бардыгы аткарат деп ойлогонбуз" деп түшүндүргөн.
Чыр-чатакты тынч жол менен чечүүгө болгон үмүт Путиндин (анын ичинде Такер Карлсонго берген маегинде айтылган) бир нече жолу жасаган билдирүүлөрү менен бир топ арткан. Анда "Украина элин өзүбүз менен бир эл деп эсептей турганыбыз баса белгиленген. Ошондуктан, аларды жок кылууну каалоо үчүн адам толук акылынан ажырап, мыкаачы болушу керек" деп айтылган.
Анткен менен кийинчерээк аталган макулдашууларга кол койгон экинчи жээктегилердин башынан эле аны аткарууга ниети болбогону аныкталды. Меркель Zeit басылмасына берген маегинде Минск макулдашуусу "Киевдин күч топтоп алышы", "Украинага убакыт алып берүү" үчүн болгонун айткан. Андай позиция тууралуу Олланд да билдирген. Мындан улам Путин "биз өкүнгөн бирден-бир гана нерсе — сөзүнө турган адамдар менен сүйлөшүп жатабыз деп активдүү кадамдарыбызды эртерээк таштабай калганыбыз" деп белгилеген.
Путиндин айтымында, Киевдин Минск келишимдерин аткаруудан баш тартуусу "түздөн-түз себеп" болуп, атайын операциянын башталышына алып келген. Россия "тынчтык каражаттарынан аскердик мүнөздөгүсүнө" өтүүгө аргасыз болгон.
Россия президенти башка интервьюсунда аталган операциянын кечирээк башталгандыгынын дагы бир себеби ошол учурда азыркыдай курал-жарак болбогону менен түшүндүрдү. Муну буга чейинки маалымат жыйында да бекемдеп, ал кезде армия бүгүнкүдөй эмес эле деди.
Россия лидеринин айтымында, учурда бир жарым миллион болгон орус армиясы — дүйнөдөгү машыгуусу, даярдыгы мыкты, демдүү жана согушка жөндөмдүү армия. Согуштук алдыңкы чектеринде кырдаал кескин өзгөрдү жана күн сайын ондогон чарчы чакырымдар бошотулуп, фронттун бардык тарабында алдыга жылып жатышат.
Атайын операция аскердик тармактын болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүн шарттаган чыныгы трампин болуп калды. Азыр анын күчүнөн эч ким эч жерден — Киевде да, Вашингтондо да жашырына албайт.
Путин Батышка "технологиялык дуэлге" чыгып, эксперимент өткөрүүнү сунуштады.
"Алар (эксперттер) бизге жана Батыштагы, АКШдагы каржылоочуларына XXI кылымдын жогорку "технологиялык дуэлин" өткөрүүнү сунуштасын. Атыла турган объектини аныктап, абадан жана ракетадан коргонуучу бардык системаларын топтосун. Биз "Орешник" менен сокку уралы. Эмне болорун көрөлү. Биз буга даярбыз, ал эми башкалар даярбы?" — деген РФ лидери.
Бүгүнкү күндө Батыштын расмий адамдарынын биринин да Путиндин бул тамашалуу (?) сунушун кабыл алууга дарамети жетпеди, ал эми президенттик мөөнөтү эбак өтүп кеткен Зеленский туталанып, жинденгенден башка эч нерсе дей алган жок.
"Жоокерлер согуштан кайтып келмейинче өзүмдү бактылуу сезе албайм. Дал ушул учурда ал жактарда кармаш жүрүп жатат. Жеңиш менен үйлөрүнө кайтып келишин каалайм", — деди Путин түз байланыштын соңунда.
Россиянын башчысы менен анын өлкөсүнүн мүдөөсү бир — ал күндөр келиши үчүн бардыгын жасоо керек.
Атайын операция зонасында артиллериялык экипаждын күжүрмөн иши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Курск багытындагы кырдаал тууралуу айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0