https://sputnik.kg/20241219/vladimir-putin-rossiya-oreshnik-1090941014.html
Путин "Орешник" тууралуу айтып жатып "технологиялык дуэль" өткөрүүнү сунуштады
Путин "Орешник" тууралуу айтып жатып "технологиялык дуэль" өткөрүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батышка "технологиялык дуэль" өткөрүүнү сунуштады. Бул туурасында ал 2024-жылды жыйынтыктаган... 19.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-19T17:18+0600
2024-12-19T17:18+0600
2024-12-19T17:18+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
россия күнү
орешник ракетасы
курал
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090936139_0:0:3192:1796_1920x0_80_0_0_37c40eb8f3a981629588eb030f57c18c.jpg
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батышка "технологиялык дуэль" өткөрүүнү сунуштады. Бул туурасында ал 2024-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.Мамлекет башчыга Батыштагы эксперттер аталган ракета коё берилгенде абадан коргонуучу система токтото алаарын айтышканын эске салып, "Орешник" ракеталык системасы жаңы куралбы же жокпу деген суроо узатылган.Путин "Орешник" жаңы курал экенин жана ал россиялык ойлоп табуучулардын эмгеги экендигин баса белгиледи.Андан соң ал Батыштагы эксперттердин "Орешник" ракетасын атып түшүрүүгө болорун айтканына комментарий берди."Элестетип көрөлү: "Орешник" эки миң чакырым аралыкта турат. Ага Польшадагы ракетадан коргонуучу ситема дагы жетпейт. Бир нече секунддан кийин атайын блоктор бөлүнө баштайт. Болду, поезд кетти. Андыктан, бул ракеталарды атып түшүрүүгө (токтотууга) мүмкүн эмес", — деди ал.Путин ошондой эле эксперимент өткөрүүнү сунуштады."Алар (эксперттер) бизге жана Батыштагы, АКШдагы каржылоочуларына XXI кылымдын жогорку "технологиялык дуэлин" өткөрүүнү сунуштасын. Алар атыла турган объектини аныктап, абадан жана ракетадан коргонуучу бардык системаларын топтосун. Биз "Орешник" менен сокку уралы. Эмне болоорун көрөлү. Биз буга даярбыз, ал эми башкалар даярбы?" — деп суроо салды РФ лидери.Ошондой эле андан аталган ракетага эмнеге ушундай ат ыйгарылганын сурашканда: "чынын айтканда, билбейм", — деп жооп берди.Россиянын президенти бул курал заманбап экенин жана аны атып түшүрүү мүмкүн эместигин эскертип, ал 5,5 миң чакырымга чейин жетерин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20241219/putin-kursk-bagytyndagy-kyrdaal-tuuraluu-aytty-1090940828.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090936139_178:0:2909:2048_1920x0_80_0_0_7da7391df6e7a0708b1aaab503fb5140.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, россия күнү, орешник ракетасы, курал
дүйнөдө, россия, владимир путин, россия күнү, орешник ракетасы, курал
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батышка "технологиялык дуэль" өткөрүүнү сунуштады. Бул туурасында ал 2024-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.
Мамлекет башчыга Батыштагы эксперттер аталган ракета коё берилгенде абадан коргонуучу система токтото алаарын айтышканын эске салып, "Орешник" ракеталык системасы жаңы куралбы же жокпу деген суроо узатылган.
Путин "Орешник" жаңы курал экенин жана ал россиялык ойлоп табуучулардын эмгеги экендигин баса белгиледи.
"Окумуштуулар, конструкторлор, инженерлер бул ишти кантип жасоо керектигин ойлонушту, позицияларын Коргоо министрлиги жана тапшырык берүүчүлөр менен макулдашып, бекитишти. Соңунда бул мага да жетип, аны чыгаруу керекпи, канча көлөмдө, качан жана кантип деген акыркы чечимди кабыл алдым. Бул жаңы курал", — деди Путин.
Андан соң ал Батыштагы эксперттердин "Орешник" ракетасын атып түшүрүүгө болорун айтканына комментарий берди.
"Элестетип көрөлү: "Орешник" эки миң чакырым аралыкта турат. Ага Польшадагы ракетадан коргонуучу ситема дагы жетпейт. Бир нече секунддан кийин атайын блоктор бөлүнө баштайт. Болду, поезд кетти. Андыктан, бул ракеталарды атып түшүрүүгө (токтотууга) мүмкүн эмес", — деди ал.
Путин ошондой эле эксперимент өткөрүүнү сунуштады.
"Алар (эксперттер) бизге жана Батыштагы, АКШдагы каржылоочуларына XXI кылымдын жогорку "технологиялык дуэлин" өткөрүүнү сунуштасын. Алар атыла турган объектини аныктап, абадан жана ракетадан коргонуучу бардык системаларын топтосун. Биз "Орешник" менен сокку уралы. Эмне болоорун көрөлү. Биз буга даярбыз, ал эми башкалар даярбы?" — деп суроо салды РФ лидери.
Ошондой эле андан аталган ракетага эмнеге ушундай ат ыйгарылганын сурашканда: "чынын айтканда, билбейм", — деп жооп берди.
Россиянын президенти бул курал заманбап экенин жана аны атып түшүрүү мүмкүн эместигин эскертип, ал 5,5 миң чакырымга чейин жетерин кошумчалады.