https://sputnik.kg/20241218/kyrgyzstan-adylbek-kasymaliyev-deputat-1090900776.html
Далыга бычак сайгандар болду. Депутат Касымалиевге сак болууну эскертти
Далыга бычак сайгандар болду. Депутат Касымалиевге сак болууну эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Депутат Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевге эмнеден сак болуу керектигин эскертти. 18.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-18T12:33+0600
2024-12-18T12:33+0600
2024-12-18T12:33+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
жогорку кеңеш
депутат
видео
балбак түлөбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/02/18/1073114953_0:0:2681:1509_1920x0_80_0_0_4a1e80633ba407f8cd59e39c210da551.jpg.webp
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Депутат Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевге эмнеден сак болуу керектигин эскертти.Эл өкүлү ал өтө оор маалда кызматка келип жатканын белгиледи.Ал эми Жанар Акаев Адылбек Касымалиевдин резюмесин карап "жакшы киши" дегенди гана көрө алганын, бирок "менеджер", "реформатор" деген керектүү сапаттарды таппаганын кошумчалады."Сиздин мурдагы жетекчиңиз кызматтан кетти. Кечээ УКМКнын төрагасы акциз боюнча чыгым 30 миллиарддан (сом) ашты деди. Сиз ушул жакта куратор болчусуз. Жоопкерчилик сизде дагы болушу керек", — деди Акаев.Касымалиев буга жооп кылып, салык системасын райондон баштап оңдоп чыгарын айтты.Азыркы тапта Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, анын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралууда.
https://sputnik.kg/20241216/kyrgyzstan-dayyondoo-prezident-sadyr-zhaparov-1090852974.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/18/1073114953_151:0:2498:1760_1920x0_80_0_0_437e07fac336878f44355a01910d51be.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, жогорку кеңеш, депутат, видео, балбак түлөбаев
кыргызстан, адылбек касымалиев, жогорку кеңеш, депутат, видео, балбак түлөбаев
Далыга бычак сайгандар болду. Депутат Касымалиевге сак болууну эскертти
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Депутат Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевге эмнеден сак болуу керектигин эскертти.
Эл өкүлү ал өтө оор маалда кызматка келип жатканын белгиледи.
"Адылбек Алешович, мурдагы команданын ичинде "саботажниктер", артынан бычак сайгандар болду. Жакшы анализ кылыңыз. Сизге оор түйшүк түшүп жатат. Алдыдагы коркунучтарды айтып коеюн, биринчи – ички карызды абайлаңыз, экинчиси – энергосекторду караңыз, кышында кыйын болот, үчүнчүсү – командаңыздын ичиндегилерди тыйыңыз", – деди депутат Касымалиевге.
Ал эми Жанар Акаев Адылбек Касымалиевдин резюмесин карап "жакшы киши" дегенди гана көрө алганын, бирок "менеджер", "реформатор" деген керектүү сапаттарды таппаганын кошумчалады.
"Сиздин мурдагы жетекчиңиз кызматтан кетти. Кечээ УКМКнын төрагасы акциз боюнча чыгым 30 миллиарддан (сом) ашты деди. Сиз ушул жакта куратор болчусуз. Жоопкерчилик сизде дагы болушу керек", — деди Акаев.
Касымалиев буга жооп кылып, салык системасын райондон баштап оңдоп чыгарын айтты.
Азыркы тапта Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, анын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралууда.