https://sputnik.kg/20241218/ilkham-aliyev-orus-tili-basmyrloo-zhanylyshtyk-1090916336.html
Азербайжандын президенти орус тилин кодулоону жаңылыштык деп атады
Азербайжандын президенти орус тилин кодулоону жаңылыштык деп атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостидеги маегинде орус тилин саясий себептерден улам кодулоону жаңылыштык деп... 18.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-18T17:33+0600
2024-12-18T17:33+0600
2024-12-18T17:33+0600
дүйнөдө
азербайжан
ильхам алиев
орус тили
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090907111_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_55137ba7c617a96bd42fa120e75a66e6.jpg
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостидеги маегинде орус тилин саясий себептерден улам кодулоону жаңылыштык деп атады.Ал белгилегендей, Азербайжан үчүн орус тилин сактоо оңой, анткени коомчулукта чоң суроо-талапка ээ, тагыраагы, көптөр бул тилде сүйлөшөт.Анын айтымында, Азербайжанда орус тилинде окуткан 320дан ашык мектеп бар. Жалпысынан 1 миллионго жакын адам экинчи тил катары өздөштүрүшөт. Ошондой эле анын өлкөсүндө Москва мамлекеттик университетинин жана Сеченов академиясынын филиалдары бар."Тил билүү акылды байытат, ал эми өтө жакшы билүү адабиятка, илимий иштерге толук үңүлүүгө шарт түзөт. Биздин окумуштуулар көп маалыматтарды россиялык булактардан алышат. Бул дагы биздин элибизге КМШнын башка өлкөлөрүнүн жашоочулары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Алиев.Ал шериктештикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери орус тилинде да баарлашарын баса белгиледи."Орус тилине карата мындай мамиле азербайжан тилине да, биздин өзгөчөлүгүбүзгө да, маданиятыбызга да шек келтирбейт. Тескерисинче, достук маанай тартуулайт", — деди мамлекет башчы.Ал Маданияттар аралык диалог форуму Бакуда өтүп жатканы бекеринен эмес экенин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20241218/ilkham-aliyev-rossiya-usaid-tyyuu-tuura-chechim-1090915000.html
азербайжан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090907111_85:0:2816:2048_1920x0_80_0_0_07a3b8d53042cc39a52ff69b813f9d4d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, азербайжан, ильхам алиев, орус тили
дүйнөдө, азербайжан, ильхам алиев, орус тили
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостидеги маегинде орус тилин саясий себептерден улам кодулоону жаңылыштык деп атады.
Ал белгилегендей, Азербайжан үчүн орус тилин сактоо оңой, анткени коомчулукта чоң суроо-талапка ээ, тагыраагы, көптөр бул тилде сүйлөшөт.
"Атамдын жана менин бийлигимдин учурунда орус тилине карата эч качан чектөөлөр болгон эмес жана болбойт дагы. Тескерисинче, элибиз орус тилин мыкты билиши үчүн кошумча шарттарды түзүүгө аракет кылып келебиз", — деди президент.
Анын айтымында, Азербайжанда орус тилинде окуткан 320дан ашык мектеп бар. Жалпысынан 1 миллионго жакын адам экинчи тил катары өздөштүрүшөт. Ошондой эле анын өлкөсүндө Москва мамлекеттик университетинин жана Сеченов академиясынын филиалдары бар.
"Тил билүү акылды байытат, ал эми өтө жакшы билүү адабиятка, илимий иштерге толук үңүлүүгө шарт түзөт. Биздин окумуштуулар көп маалыматтарды россиялык булактардан алышат. Бул дагы биздин элибизге КМШнын башка өлкөлөрүнүн жашоочулары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Алиев.
Ал шериктештикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери орус тилинде да баарлашарын баса белгиледи.
"Орус тилине карата мындай мамиле азербайжан тилине да, биздин өзгөчөлүгүбүзгө да, маданиятыбызга да шек келтирбейт. Тескерисинче, достук маанай тартуулайт", — деди мамлекет башчы.
Ал Маданияттар аралык диалог форуму Бакуда өтүп жатканы бекеринен эмес экенин кошумчалады.