https://sputnik.kg/20241218/bishkek-evraziya-aymaktyk-kense-achyldy-1090920950.html
Бишкекте “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды
Бишкекте “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте россиялык “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды. 18.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-18T19:48+0600
2024-12-18T19:48+0600
2024-12-19T10:19+0600
кыргызстан
евразия
кеңсе
сергей вакунов
ачылыш
сүрөт
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090920136_0:135:1280:855_1920x0_80_0_0_ed20467f552eb3a819ebbb6461125c46.jpg
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте россиялык “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды.Бүгүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.Иш-чарага Россиянын элчиси Сергей Вакунов, КР билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Маданият министрлигинин кесиптик билим берүү секторунун башкы адиси Женни Сартпаева, КР Улуттук инвестициялык агенттигинин директору Талантбек Иманов, Россия элчилигинин билим берүү боюнча атташеси Роберт Федоров, “Русский домдун” жетекчиси Альберт Зулхарнеев, Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов жана башкалар катышты.Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрө, ыктыярчылык жана маданият тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.Вакунов белгилегендей, “Евразия” уюму өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга негизделген жаңы сапаттуу коомчулукту калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.“Евразия.Кыргызстандын” директору Кымбат Урумкулова белгилегендей, алдыдагы эки жылда ар кандай долбоорлорго бир миллиард рубль грант бөлүү пландалууда. Ал бул каражаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо сыяктуу тармактардагы демилгелерди ишке ашырууга жумшаларын белгиледи.“Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — бул мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө жана продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.
https://sputnik.kg/20241211/kyrgyzstan-avtobus-mektep-1090750330.html
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090920136_55:86:1080:855_1920x0_80_0_0_2f92558c5d1671241da7cdc5c3c78146.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, евразия, кеңсе, сергей вакунов, ачылыш, сүрөт, видео
кыргызстан, евразия, кеңсе, сергей вакунов, ачылыш, сүрөт, видео
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте россиялык “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды.
Бүгүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Россиянын элчиси Сергей Вакунов, КР билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Маданият министрлигинин кесиптик билим берүү секторунун башкы адиси Женни Сартпаева, КР Улуттук инвестициялык агенттигинин директору Талантбек Иманов, Россия элчилигинин билим берүү боюнча атташеси Роберт Федоров, “Русский домдун” жетекчиси Альберт Зулхарнеев, Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов жана башкалар катышты.
Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрө, ыктыярчылык жана маданият тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Вакунов белгилегендей, “Евразия” уюму өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга негизделген жаңы сапаттуу коомчулукту калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
“Евразия” уюму ишке ашырууну пландап жаткан иштердин көлөмү жана багыттары таң калтырат. Бул түзүм достукту, билим берүү долбоорлорун жана салттуу баалуулуктарды илгерилетүү сыяктуу орчундуу иштерди аткара турган, ошондой эле коомдук өнүгүүгө салым кошо алган лидерлердин, компетенттүү адистердин келечек муунун даярдоого умтулат”, — деди элчи.
“Евразия.Кыргызстандын” директору Кымбат Урумкулова белгилегендей, алдыдагы эки жылда ар кандай долбоорлорго бир миллиард рубль грант бөлүү пландалууда. Ал бул каражаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо сыяктуу тармактардагы демилгелерди ишке ашырууга жумшаларын белгиледи.
“Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — бул мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө жана продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.