00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштадыАзербайжандын президенти орус тилин кодулоону жаңылыштык деп атадыМамлекеттик салык кызматын Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болдуАлдыда кененирээкМамлекеттик салык кызматын Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болду. 55 жаштагы Шыкмаматов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын, Эсеп палатасын башкарып, юстиция министри болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты, Инвестиция боюнча агенттиктин, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору болуп да иштеген. Акыркы убакытта президенттин жардамчысы болуп жүргөн. Салык кызматынын буга чейинки төрагасы Алтынбек Абдувапов кол алдындагылар менен акциздик махинацияларга байланыштуу камакка алынган болчу. Бул окуяга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы болуп турган Акылбек Жапаров дагы иштен алынганы белгилүү болду.
Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Дагы бир жакшы кабар менен бөлүшө кетейин. «Шумкар» ачык акционердик коому SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларды чыгара баштады. Сыноолор ийгиликтүү өтүүдө»,-деп жазды ал. 2023-жылы 18-майда президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлуп, анын ичинде «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу документине да кол коюлган.
Германиянын, Италиянын жана Япониянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясындагы (БА) Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы позициясы айыптоого татыктуу жана өткөн жүз жылдыктагы тарыхты эске алганда кооптуу тенденцияны көрсөтүүдө. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтты. Мурдараак АКШ, Германия, Канада, Италия, Япония жана Украина Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясындагы (БА) Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы добуш берген 53 өлкөнүн катарына кошулган. Мындай тоскоолдукка карабай документ кабыл алынган, тагыраагы, 119 мамлекет добушун берип, дагы 10у калыс пикирди карманган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостидеги маегинде орус тилин саясий себептерден улам кодулоону жаңылыштык деп атады. Ал белгилегендей, Азербайжан үчүн орус тилин сактоо оңой, анткени коомчулукта чоң суроо-талапка ээ, тагыраагы, көптөр бул тилде сүйлөшөт. "Атамдын жана менин бийлигимдин учурунда орус тилине карата эч качан чектөөлөр болгон эмес жана болбойт дагы. Тескерисинче, элибиз орус тилин мыкты билиши үчүн кошумча шарттарды түзүүгө аракет кылып келебиз", — деди президент. Анын айтымында, Азербайжанда орус тилинде окуткан 320дан ашык мектеп бар. Жалпысынан 1 миллионго жакын адам экинчи тил катары өздөштүрүшөт. Ошондой эле анын өлкөсүндө Москва мамлекеттик университетинин жана Сеченов академиясынын филиалдары бар.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 91 сом 46 тыйынга рубль 84 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ19-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 19-декабрь, бейшембиде күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, чыгыш тарабында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл аймагында -1...+4 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болору болжолдонду. Күндүн табы борбор калаада +5...+7, Ош шаарында +6...+8 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0