https://sputnik.kg/20241217/ukrainalyk-askerler-selidovo-aymagynda-eldi-atkylaganyn-aytyshty-1090889762.html
Украиналык аскерлердин Селидово аймагында элди аткылаганын айтышты
Украиналык аскерлердин Селидово аймагында элди аткылаганын айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Селидово аймагындагы жашоочуларды аткылаган, каза болгондордун көбү — аялдар менен улгайган адамдар. Бул... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T19:21+0600
2024-12-17T19:21+0600
2024-12-18T10:13+0600
дүйнөдө
россия
атайын операция
аскердик кылмыш
дэр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
украина
селидово
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090894351_0:0:3133:1762_1920x0_80_0_0_7d8569f4692fe1a3971607e2ee23d657.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Селидово аймагындагы жашоочуларды аткылаган, каза болгондордун көбү — аялдар менен улгайган адамдар. Бул туурасында РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү, украиналык неонацисттердин кылмыштарынын трибуналы боюнча эл аралык коомчулуктун төрагасы Максим Григорьев айтканын РИА Новости жазды.Ал жабыркагандар жана кылмышка күбө болгондор менен көзмө-көз сүйлөшкөндүгүн айтты. Бир катар үйлөрдө бүтүндөй бир үй-бүлөлөрдү атып, өрттөшкөн. "Селидово аймагындагы кылмыштар өзүнүн мыкаачылыгы менен таң калтырган. Жырткычтык. Кесиптештерибиз менен Селидового келгенибизде шаар бейкүнөө атылган жай жарандардын өлүгүнө толуп калыптыр", — деп кошумчалады ал.Григорьевдин айтымында, докладдын материалдары россиялык тартип коргоо органдарына өткөрүп берилди."(Күбөлөрдүн айтуусунда - ред.) Грузин тили жана кандайдыр бир себептен француз тилинде сүйлгөн үн угулган. Демек, бул жерде Франциядан келгендер болсо керек, алар кеп болуп жаткан аткылоолорго катышкан. Снайперлер иштешкен, кыязы, ар бир украиналык калк жашаган аймактарда болуп чыккандай", — деген аталган уюмдун өкүлү.Россиянын Куралдуу күчтөрү 29-октябрда ДЭРдеги Селидовону бошотуу жөнүндө билдирген. Шаар Донецкиден түндүк-батышка карай болжол менен 40 чакырым аралыкта жайгашкан жана стратегиялык маанилүү орунга ээ. Бул жер Украина армиясы үчүн эң ири жана бекем аймактардын бири болгон.Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин жыйынында Киев режиминин бардык кылмыштары документтештирилиши керек экенин жана кылмышкерлер табылып жазаланарын айткан.
https://sputnik.kg/20240924/ukraina-askerlerinin-kursk-oblusundagy-kylmyshtary-tuuraluu-aytyp-berishti-1088967188.html
дэр
украина
селидово
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090894351_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_9ee295a759adeb7e1bf3896d3c667439.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, атайын операция, аскердик кылмыш, дэр, украина, селидово
дүйнөдө, россия, атайын операция, аскердик кылмыш, дэр, украина, селидово
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Селидово аймагындагы жашоочуларды аткылаган, каза болгондордун көбү — аялдар менен улгайган адамдар. Бул туурасында РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү, украиналык неонацисттердин кылмыштарынын трибуналы боюнча эл аралык коомчулуктун төрагасы Максим Григорьев айтканын
РИА Новости жазды.
"Украиналык неонацисттердин кылмыштарына карата Эл аралык коомдук трибунал алардын аскердик кылмыштарын жана жасалып жаткан геноцидди, анын ичинде аларга убактылуу көзөмөл кылган аймактарда каттап жатат. Бул убакыт аралыгында, 2022-жылдан бери, миңден ашык жабыркаган адамдарды жана күбөлөрдү суракка алдык... Көбүнчө (өлгөндөр - ред.) аялдар, карыялар, улгайган адамдар. Көп учурда башка, моюнга, баш тарапка атып өлтүрүшкөн. Түз эле атышкан", — деген докладдын автору Григорьев.
Ал жабыркагандар жана кылмышка күбө болгондор менен көзмө-көз сүйлөшкөндүгүн айтты. Бир катар үйлөрдө бүтүндөй бир үй-бүлөлөрдү атып, өрттөшкөн.
"Селидово аймагындагы кылмыштар өзүнүн мыкаачылыгы менен таң калтырган. Жырткычтык. Кесиптештерибиз менен Селидового келгенибизде шаар бейкүнөө атылган жай жарандардын өлүгүнө толуп калыптыр", — деп кошумчалады ал.
Григорьевдин айтымында, докладдын материалдары россиялык тартип коргоо органдарына өткөрүп берилди.
"(Күбөлөрдүн айтуусунда - ред.) Грузин тили жана кандайдыр бир себептен француз тилинде сүйлгөн үн угулган. Демек, бул жерде Франциядан келгендер болсо керек, алар кеп болуп жаткан аткылоолорго катышкан. Снайперлер иштешкен, кыязы, ар бир украиналык калк жашаган аймактарда болуп чыккандай", — деген аталган уюмдун өкүлү.
Россиянын Куралдуу күчтөрү 29-октябрда ДЭРдеги Селидовону бошотуу жөнүндө билдирген. Шаар Донецкиден түндүк-батышка карай болжол менен 40 чакырым аралыкта жайгашкан жана стратегиялык маанилүү орунга ээ. Бул жер Украина армиясы үчүн эң ири жана бекем аймактардын бири болгон.
Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин жыйынында Киев режиминин бардык кылмыштары документтештирилиши керек экенин жана кылмышкерлер табылып жазаланарын айткан.