https://sputnik.kg/20241217/kamchybek-tashiyev-koopsuzduk-ukt-1090873187.html
Ташиев: өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор жок, алардын каржылык булактары бөгөттөлдү
Ташиев: өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор жок, алардын каржылык булактары бөгөттөлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) деген түшүнүк жок жана алардын каржылык булактары толугу менен бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМК... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T10:49+0600
2024-12-17T10:49+0600
2024-12-17T10:51+0600
кыргызстан
камчыбек ташиев
коопсуздук
уюшкан кылмыштуу топ
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/12/1060488131_0:100:2835:1695_1920x0_80_0_0_cf986b95e00d59917227be4ea9d18693.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) деген түшүнүк жок жана алардын каржылык булактары толугу менен бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.Анын айтымында, жекече кылмыштар болуп жатат, бул багытта укук коргоо органдары иштөөдө. Анын айтымында, 50 миллиард сомдун ичинде мүлк да, накталай акча да бар. Учурда бул мүлктөр сатылып жатат. Алардын арасында дүкөндөр, пансионаттар жана башка объектилер бар."Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жок. Бардык каржылык булактары жабылды. Эгерде бандиттер бар болсо, алар көчө деңгээлиндеги майда кылмышкерлер, мурдагыдай "ак жака" кийгендер эмес. Эми УКТ, "смотрящий" дегендер болбойт. Эл тынч жашаса болот, ишкерлер да коркпой иштей алышат", — деди Ташиев.Ошондой эле ал Райымбек Матраимов уюшкан кылмыштуу топторду каржылаганын айтып, ал финансылык кылмыштар үчүн жалпысынан 18 миллиард сомдон ашуун каражатты мамлекетке төккөнүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20231220/sadyr-zhaparov-chekistterdi-kuttuktady-1081388294.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/12/1060488131_221:0:2614:1795_1920x0_80_0_0_3449f84f07d146bf54a48bc457e72fbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек ташиев, коопсуздук, уюшкан кылмыштуу топ
кыргызстан, камчыбек ташиев, коопсуздук, уюшкан кылмыштуу топ
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) деген түшүнүк жок жана алардын каржылык булактары толугу менен бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, жекече кылмыштар болуп жатат, бул багытта укук коргоо органдары иштөөдө.
"Биз аларды (УКТ) кандай жеңишибиз керек эле? Эң негизгиси, алардын каржылык булактарын жок кылышыбыз шарт эле. Буга чейин Кыргызстандагы УКТ мүчөлөрү абдан байып кеткен. Кыргызстандагы эң бай адамдардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери да бар болгон. Алар мамлекеттик кызматкерлерди сатып алып, бизнес жүргүзүп келишкен. УКТ менен күрөшүүнүн алкагында мамлекетке 50 миллиард сом алынды. Алар кимдер? Камчыбек Асанбек, Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев, Чынгыз Жумагулов жана башкалар", — деди Ташиев.
Анын айтымында, 50 миллиард сомдун ичинде мүлк да, накталай акча да бар. Учурда бул мүлктөр сатылып жатат. Алардын арасында дүкөндөр, пансионаттар жана башка объектилер бар.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жок. Бардык каржылык булактары жабылды. Эгерде бандиттер бар болсо, алар көчө деңгээлиндеги майда кылмышкерлер, мурдагыдай "ак жака" кийгендер эмес. Эми УКТ, "смотрящий" дегендер болбойт. Эл тынч жашаса болот, ишкерлер да коркпой иштей алышат", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Райымбек Матраимов уюшкан кылмыштуу топторду каржылаганын айтып, ал финансылык кылмыштар үчүн жалпысынан 18 миллиард сомдон ашуун каражатты мамлекетке төккөнүн кошумчалады.
20 Бештин айы 2023, 10:21